Киргизско-русский словарь Юдахина
оона I
(ср. тув. оона самец косули, сайги, монг. самец антилопы):
баш оона август (см. ай I 2);
аяк оона сентябрь (см. ай I 2).
оона- II
(об осле, лошади, иногда о человеке, птице) валяться;
ат оонаган жерде түк калат погов. где валялась лошадь, там шерсть останется;
мен кадимки кедейдин алачыгында төрөлүп, топуракка оонап өскөнмүн я родился в простой лачуге бедняка и рос, валяясь в пыли;
күлгө оонаган тооктой болуп кагынып встряхиваясь, будто курица, повалявшаяся в золе.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Ала салуу, бир капталынан экинчи капталына аркасы аркылуу ала салып кетүү. Аттар оонабасын деп, Алымдын жолдошу аттардын жанына кетти (Баялинов). Кычан эки досу менен баарысынан бөлүнүп көк шиберге оонап, мектебинин жанында калды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ала салуу, бир капталынан экинчи капталына аркасы аркылуу ала салып кетүү. Аттар оонабасын деп, Алымдын жолдошу аттардын жанына кетти (Баялинов). Кычан эки досу менен баарысынан бөлүнүп көк шиберге оонап, мектебинин жанында калды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ары-бери оодарылуу, оонап жатуу; чабалактоо. Түлкү ооналактап, мурунку өнөрүн кайрадан салды (Баялинов). Акбар жатыркап, уктай албай ооналактады (Убукеев). Ошол төрдө ооналактап жатамын, Былтыр күлүп, укпагамын чатагын (А. Рыскулов).