Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Ордунан козгоп ала салдыруу, аңтара коңторуу. Заңгелдей зор ташты бат эле кашатка оодара салды (Сыдыкбеков).
2. Ичин аңтаруу, аңтарып кароо, тинтүү. Жеңеси ары жакта илинүү турган сумкасын оодара кетти (Таштемиров).
3. Бирөөнү ат үстүнөн алып түшүү, эңип түшүрүү. Атынан оодарам деп антет, минтет, Чыдабай чап далыдан алды Мамбет (Турусбеков).
4. Ичин сыртына каратып аңтаруу. Оодарып тиккен кемсел.
5. Ордунан козгоп аралаштыруу, ордун алмаштырып козгоо, астын-үстүн кылып козгоо. Эт оодарды.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. переворачивать, сваливать;
аттан оодар- свалить с лошади;
чым оодар- выворачивать дёрн, вырубать дёрн;
оодара кара- или оодарып көр- тщательно рассмотреть; рассматривая переворачивать, рыться (напр. в сундуке);
китептериңди оодарып көрөйүн, уруксат кылчы я хочу порыться в твоих книгах, разреши;
2. южн. то же, что сой- II;
3. взваливать, сваливать на другого;
ал жемени маа оодарды он взвалил вину на меня;
Умсунай үйгө кирбей жатып, абышкасына жеме оодарды Умсунай, ещё не войдя в юрту, с упрёками набросилась на своего старика;
4. уст. переводить (с одного языка на другой);
эс оодара до потери сознания;
эс оодара токмокто- избить до потери сознания;
көңүл оодар- привлечь внимание, вызвать симпатию;
анын чыгармасы менин көңүлүмдү оодарды его произведение привлекло моё внимание.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ордунан козгоп ала салдыруу, аңтара коңторуу. Заңгелдей зор ташты бат эле кашатка оодара салды (Сыдыкбеков). 2. Ичин аңтаруу, аңтарып кароо, тинтүү. Жеңеси ары жакта илинүү турган сумкасын оодара кетти (Таштемиров). 3. Бирөөнү ат үстүнөн алып түшүү, эңип түшүрүү. Атынан оодарам деп антет, минтет, Чыдабай чап далыдан алды Мамбет (Турусбеков). 4. Ичин сыртына каратып аңтаруу. Оодарып тиккен кемсел. 5. Ордунан козгоп аралаштыруу, ордун алмаштырып козгоо, астын-үстүн кылып козгоо. Эт оодарды. 6. Бирөөгө шылтап салуу. Күнөөсүзгө оодарышат жалааны, Оор туман басып турат калааны (Шакирова).

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от оодар-
1. быть перевёрнутым, переворачиваться;
аттан оодарыл- упасть с лошади;
2. уст. быть переводимым, переводиться (с одного языка на другой);
оодарылган дүнүйө изменчивый мир.

Киргизско-русский словарь Юдахина
оодарыш I
и. д. от оодар-
1. переворачивание, сваливание;
2. то же, что эңиш III 1;
жөө оодарыш состязание: двое, сев на чьи-либо спины, стараются стащить, свалить друг друга.
оодарыш- II
взаимн. от оодар-
1. совместно переворачивать;
аттан оодарышып ойноду они забавлялись, стаскивая друг друга с лошади (или выбивая из седла);
2. валить друг на друга, сваливать.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Эңиш, ат үстүнөн эңишүүчү улуттук оюн. Тамаша оодарыш.. күрөштөн башталып, аягы жамбы атууга токтоду (Жантөшев). Оодарыш, күрөш, ат чабыш Ойноду нечен баатырлар (Осмонкул).
ООДАРЫШ II оодар этишинин кош мамилеси.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эңиш, ат үстүнөн эңишүүчү улуттук оюн. Тамаша оодарыш күрөштөн башталып, аягы жамбы атууга токтоду (Жантөшев). Оодарыш, күрөш, ат чабыш Ойноду нечен баатырлар (Осмонкул). Басмайылым бек тартып, Оодарышып нетемин (Барпы).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от оодарыш- II;
казанда эт оодарыштыр- переворачивать варящееся в котле мясо (чтобы оно ровно варилось);
жылаңач этке чепкен кийгизип оодарыштырат когда устраивают состязание оодарыш (см. оодарыш I 2), то (участников) заставляют надевать чапан на голое тело.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. и. д. от оодарыш- II;
курулай оодарышуудан эмне пайда бар? что пользы в пустом переворачивании?
2. то же, что оодарыш I;
ал оодарышуудан түк алдыра элек он ещё никогда не был побеждён в состязании оодарыш (см. оодарыш I 2).