Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Ордунан козгоп ала салдыруу, аңтара коңторуу. Заңгелдей зор ташты бат эле кашатка оодара салды (Сыдыкбеков).
2. Ичин аңтаруу, аңтарып кароо, тинтүү. Жеңеси ары жакта илинүү турган сумкасын оодара кетти (Таштемиров).
3. Бирөөнү ат үстүнөн алып түшүү, эңип түшүрүү. Атынан оодарам деп антет, минтет, Чыдабай чап далыдан алды Мамбет (Турусбеков).
4. Ичин сыртына каратып аңтаруу. Оодарып тиккен кемсел.
5. Ордунан козгоп аралаштыруу, ордун алмаштырып козгоо, астын-үстүн кылып козгоо. Эт оодарды.