Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
вопрос (подлежащий обсуждению, разрешению); задача, проблема; мат. задача;
маселе кой- ставить вопрос;
маселе чеч- разрешить вопрос;
жай маселе простая задача;
чатыш маселе сложная задача.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Чечилишин талап кылып турган милдет, абал; чечилиши керек болгон проблема. Тенти Кычанга орчундуу маселелерди айтты (Бейшеналиев). Экинчи маселеде уюштуруу иштери каралды (Каимов).
2. Кээ бир маалыматтар келтирилип, ошонун иегизинде белгилүү жолдорду колдонуп чыгарууну талап кылган эсеп. Маселе чыгаруу. Маселелер жыйнагы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чечилишин талап кылып турган милдет, абал; чечилиши керек болгон проблема. Тенти Кычанга орчундуу маселелерди айтты (Бейшеналиев). Экинчи маселеде уюштуруу иштери каралды (Каимов). 2. Кээ бир маалыматтар келтирилип, ошонун негизинде белгилүү жолдорду колдонуп чыгарууну талап кылган эсеп. Маселе чыгаруу. Маселелер жыйнагы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иштин чечилишин, аткарылышын тездетүү, ыкчамдатуу максатында болор жерин, ток этерин айтуу, чечкиндүү киришип, катуу талап коюу. Арабыздагы сары сакал Култек абдан чечкиндүү неме эле, бир күнү маселени кабыргасынан койду (Абдыраманов). Сессияга маселени кабыргасынан коюп келдим (Бердикеев). Болбосоң маселени кабыргасынан коет (Тойбаев). В.: Маселени кырынан коюу. Атайын партиялык жыйналыш чакырып, маселени кырынан коёбуз, талкуулайбыз (Егиналиев). Ал начальнигине кирип эле маселени кырынан коёт (Жигитов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Иштин чечилишин, аткарылышын тездетүү, ыкчамдатуу максатында болор жерин, ток этерин айтуу, чечкиндүү киришип, катуу талап коюу. Арабыздагы сары сакал Култек абдан чечкиндүү неме эле, бир күнү маселени кабыргасынан койду (Абдыраманов). Сессияга маселени кабыргасынан коюп келдим (Бердикеев). Болбосоң маселени кабыргасынан коёт (Тойбаев).