МАСЕЛЕНИ КАБЫРГАСЫНАН КОЮУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Иштин чечилишин, аткарылышын тездетүү, ыкчамдатуу максатында болор жерин, ток этерин айтуу, чечкиндүү киришип, катуу талап коюу. Арабыздагы сары сакал Култек абдан чечкиндүү неме эле, бир күнү маселени кабыргасынан койду (Абдыраманов). Сессияга маселени кабыргасынан коюп келдим (Бердикеев). Болбосоң маселени кабыргасынан коёт (Тойбаев).