Киргизско-русский словарь Юдахина
кордо I
рисовая похлёбка (на воде или приправленная молоком);
таш кордо
1) сосуд из конской кожи для варки пищи при помощи бросания в него раскалённых камней (использовался во время военных походов);
суу боюнда таш кордодо эт бышып жатат на берегу речки варится мясо в таш кордо;
2) пища, сваренная при помощи бросания в сосуд раскалённых камней;
3) выпотрошенная, но не освежёванная от шкуры овечья или козья туша, зажаренная целиком путём бросания в нее раскалённых камней.
кордо- II
относиться с пренебрежением, позорить, оскорблять, поносить.
кордо- III
подмолаживать (бузу, кумыс).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. диал. Айран катыкталып, күрүчтөн жасалган сорпо же күрүч көжө.
¨ Таш кордо — жаңы союлган койдун, эчкинин, кийиктердин өзүнүн карынына же көөдөнүнө салып туюктап, катуу ысытылган майда таштарга, корго көөмп бышырылган эт. Силерге таш кордо бышырып берейин деп, мергенчи сулап жаткан текени союуга камынды (Жантөшев).
КОРДО II этиш. Кемсинтүү, шылдыңдоо, ызалоо. Жабыгып жүргөн жигитти, Жакырсың деп кордобо (Токтогул). Эр болсоң кордогонго терикпегин, Кур алдап мактаганга жээликпегин (Маликов). Тишти кордосоң, сөзгө зыян (макал).
КОРДО III этиш. Колго даярдалган ачкылды (көбүнчө бозону) күчүнө келгиче кармап, улам жаңыртып, көрөңгөсүн көбөйтүп отуруп ачытуу. Кордоп бозо салдыруу.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КОРДОЙ — топоним. Кыргыздар жана ага жамаатташ элдер жашаган жер катары эпосто көп эскерилет. Географиялык реалияда Чүй жана Иле дарыяларынын аралыгындагы бөксө тоолор.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кордол- I
страд. от кордо- II
подвергаться унижениям, оскорблениям.
кордол- II
страд. от кордо- III
накапливаться, собираться;
аскер катарынан жаңы келип, чарбасы кордоло элек он только что прибыл (демобилизовавшись) из рядов армии, хозяйство у него ещё мало (букв. не накопилось).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОРДОО – кылмыш-жаза укугунда: 1) жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлардын бири; 2) атайылап денсоолукка азыраак залал келтирилген учурда жиктеле турган жагдай; 3) бейбаштыктын белгиси катары жиктелүүчү жагдай; 4) көрсөтмө берүүгө мажбурлоо катары жиктеле турган жагдай; 5) бири-бирине баш ийбеген аскер кызматкерлеринин ортосундагы өзара мамилелеринин уставдык эрежелерин бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу белгилеринин бири.