Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. диал. Айран катыкталып, күрүчтөн жасалган сорпо же күрүч көжө.
¨ Таш кордо — жаңы союлган койдун, эчкинин, кийиктердин өзүнүн карынына же көөдөнүнө салып туюктап, катуу ысытылган майда таштарга, корго көөмп бышырылган эт. Силерге таш кордо бышырып берейин деп, мергенчи сулап жаткан текени союуга камынды (Жантөшев).
КОРДО II этиш. Кемсинтүү, шылдыңдоо, ызалоо. Жабыгып жүргөн жигитти, Жакырсың деп кордобо (Токтогул). Эр болсоң кордогонго терикпегин, Кур алдап мактаганга жээликпегин (Маликов). Тишти кордосоң, сөзгө зыян (макал).
КОРДО III этиш. Колго даярдалган ачкылды (көбүнчө бозону) күчүнө келгиче кармап, улам жаңыртып, көрөңгөсүн көбөйтүп отуруп ачытуу. Кордоп бозо салдыруу.