Киргизско-русский словарь Юдахина
овчар (пастух овец и коз);
өлөр эчки койчунун таягына сөйкөнгөн погов. коза, которой надлежало умереть, тёрлась о палку овчара (о человеке, который лезет, куда его не просят, и наживает неприятность);
эриккен - койчу, эси кеткен - жолоочу погов. скучающий - (это) пастух овец, сбившийся с толку - (это) путник;
койчу-колоң собир. овчары-пастухи (употребляется в значении коңшу-колоң; см. коңшу 2);
койчу-колоң жерге ээ болду овчары-пастухи стали хозяевами земли;
кара койчу или койчу кара название маленькой чёрной птички (часто садится на спины овец).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Кой кайтаруучу, багуучу адам. Кокту, чыбыр адырын Койчулар билет кадырын (Убукеев). Кечээ койчу Алымкулум, Бүгүн кенге кириптир (Бөкөнбаев).
Койчу-колоң — койчулар, кой баккандар.
КОЙЧУ II сырд. Чочуганда айтылуучу сөз. Койчу, балам, андай жамандыктын бетин ары кылсын!

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кой, эчкини асырап, кайтарган адам. Чоорун тартып койчу кирип келет (Бөкөнбаев). Садыр койчу сөз кезегин алды (Убукеев). Өлөр эчки койчунун таягына сөйкөнөт (макал). Изде мени жылкычыдан, койчудан, Пахтачыдан колу тынбай ойкуган (Кулумбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чочуганда, таң калганда же бир нерсени жактырбаган, көңүлсүнбөгөн учурда айтылат. Койчу, койчу эстебечи муңайба (Бөкөнбаев). Дагы эмне балээни баштап жатасың, койчу нары (Абдукаримов). Нурбай муну күткөн эмес Тынайдан, – Койчу! – деди каш, сакалын сыйпалап (Токомбаев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кесипти билдирген -чы мүчөсү жалгануу менеи жасалган койчу сөзү «кой баккан кшпи» дегенди туюнтат. Мисалга жылкычы сөзүн алалы: жылкы+чы. Ушул жылкычы сөзүнө дагы -ман мүчөсүн кошуп, жылкычыман деп айтуу мүмкүн эмес. Бирок «койчуман, уйчуман» сыяктуу учурда -ман мүчөсүн -чы мүчөсүнөн кийин кошуп айтууга жол берилген. Бул -ман мүчөсү иран тилинен келип кирген, ал мааниси боюнча -чы мүчөсүнө жакын. Мисалы: окурман, чабарман ж. б. Натыйжада койчуман, уйчуман деген учурда кесипти билдирүүчү мүчө эки жолу жалганат.