Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кесипти билдирген -чы мүчөсү жалгануу менеи жасалган койчу сөзү «кой баккан кшпи» дегенди туюнтат. Мисалга жылкычы сөзүн алалы: жылкы+чы. Ушул жылкычы сөзүнө дагы -ман мүчөсүн кошуп, жылкычыман деп айтуу мүмкүн эмес. Бирок «койчуман, уйчуман» сыяктуу учурда -ман мүчөсүн -чы мүчөсүнөн кийин кошуп айтууга жол берилген. Бул -ман мүчөсү иран тилинен келип кирген, ал мааниси боюнча -чы мүчөсүнө жакын. Мисалы: окурман, чабарман ж. б. Натыйжада койчуман, уйчуман деген учурда кесипти билдирүүчү мүчө эки жолу жалганат.