кетме, кетмей самостоятельно не употребляется; встречается только в роли вспомогательного слова (см.кет- I); ээлигип кетме эр элең фольк. ты молодец с огоньком; уруша кетмеси бар или уруша кетмейи бар у него в натуре - вдруг скандал поднять.
зат. Жер казуу, арык чабуу ж. б. иштерге колдонулуучу эмгек куралы. Балдар кетмен, күрөктөрүн көтөрүп, короодон чуркап чыгышты (Баялинов).
¨ Буттункетмени — буттун башы, жалпак жана жазы келген бөлүгү. [Түгөл].. сол бутунун кетменин көрсөтпөй кокуйлай баштады (Бейшеналиев).
КЕТМЕН — топоним. Көкөтөйдүн ашында эр эңиш өткөрүлгөн Каркырадагы жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, 3. 256). Географиялык реалияда Иле аймагындагы тоо.
Жер казуу, арык чабуу ж. б. иштерге колдонулуучу эмгек куралы. Кетмен чаап, тер баскан, Кербен тартып чөл баскан (Калмырза). Бир кетмен, эки лом, беш жыгач күрөк даярдагыла (Жантөшев). Бардыгы күрөк-кетмендерин жерге коюп, карап турушкан эле (Ашубаев).
работать кетменём, копать кетменём; аланын турган жерин кетмендеп сал место, где жил прокажённый, вскопай (чтобы обеззаразить); отурган жерин кетмендеп сал сделай так, чтобы и духу его не осталось (как после прокажённого).
КЕТМЕН-ТӨБӨ — топоним. Бокмурун элге кабар жиберип, Көкөтөйдү койгондо «Чабыр малы батыптыр Кетмен-Төбө боюна» (Сагымбай Орозбаков, 2. 47),— деп айтылат. Географиялык реалияда Кыргызстанда Нарын өрөөнүндөгү аймак.
зат. 1. Кетмен менен иштөөчү, дыйкан. Салкынга эргий түшкөн кетменчи жигиттер ансайын.. күүлөнүшөт (Сыдыкбеков).
2. өт. Кедей дыйкан. Али эсимде, жыйырма эки жыл илгери Ушул колхоз кетменчиден куралган (Маликов).
1. Кетмен менен иштеген, кетмен чапкан адам. Уйчу, койчу, кетменчинин Менмин сүйгөн акыны (Осмонов). Салкынга эргий түшкөн кетменчи жигиттер ансайын күүлөнүшөт (Сыдыкбеков). 2. өт. Кедей, дыйкан. Али эсимде, жыйырма эки жыл илгери, Ушул колхоз кетменчиден курулган (Маликов).