Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жер казуу, арык чабуу ж. б. иштерге колдонулуучу эмгек куралы. Кетмен чаап, тер баскан, Кербен тартып чөл баскан (Калмырза). Бир кетмен, эки лом, беш жыгач күрөк даярдагыла (Жантөшев). Бардыгы күрөк-кетмендерин жерге коюп, карап турушкан эле (Ашубаев).