1. кат III этишинин туюк мамилеси.
2. Кол салуу, урушуу, тийишүү. Таалайлуу элге катылган Таш капсын анын планы (Тоголок Молдо).
катыл- I
задирать, задевать, нападать;
не катылдың өзүңдөн зорго? стих. зачем ты связался с тем, кто сильнее тебя?
катылган аман болбосун! фольк. чтоб напавшему (на тебя) несдобровать! (пожелание отправляющемуся в поход).
катыл- II
возвр.-страд. от кат- V
прятаться, скрываться;
Саадат, катылбай, көрүнөөгө чыксын пусть Саадат не прячется, а объявится;
колхоздун бардык кирешеси катылган чоң сейф большой сейф, в котором хранятся (букв. спрятаны) все доходы колхоза;
ошол бойдон колдо катылып калды так око и осталось в руках; так оно и "прилипло" к рукам.
1. кат III этишинин туюк мамилеси. 2. Бирөөгө тийиштик кылуу, кол салуу, урушуу. Өзүңөн чоң балдарга катылсаң, таяк жеп каласың, тентегим («Жаш ленинчи»). – Кана эмесе, кыйын болсоңор мага катылып көргүлөчү! – деди урушкандарга Карым (Абдукаримов).
к.
КАТЫГЫН БЕРҮҮ
Ошентип, Тайлак далай жолу катылгандын катыгын берген (Бейшеналиев). Сен тим эле катылгандын катыгын берчү кыз болгон турбайсыңбы (Саатов). Улугуна катылгандын катыгын берет (Осмоналиев).
катыл этишинин аркылуу мамилеси,
катыл этишинин кыймыл атоочу.
катылыш- I
взаимн. от катыл- I;
кара боз жылкы олжо алып, катылышсак белем да фольк. захватить бы нам в добычу тёмно-серых лошадей, схватиться бы нам (с врагом).
катылыш- II
взаимн. от . катыл- II.