Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кат ж. б. жазуу жумуштарын аткаруучу адам. Чакырды Бокой кат жаз деп Өзүнүн катчы молдосун («Саринжи — Бөкөй»). Миң башы [арызды] кагазды. өзүнүн катчысына узатты (Абдукаримов).
2. эс. Секретарь. Чаргын райкомдун катчысы Аскардын кабинетине кирди (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кат жазуу, бир нерсенин эсебин жүргүзүү, каттоо жумуштарын аткаруучу адам. Мекедеги катчыга, Алты күлүк ат бердим («Манас»). Миңбашы кагазды өзүнүн катчысына узатты (Абдукаримов). Чакырды Бөкөй кат жаз деп Өзүнүн катчы молдосун («Саринжи-Бөкөй»). Бул жигит айыл өкмөтүнүн катчысы Райкомдун катчысы келди (Элебаев).