Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
вред, убыток;
чөптү кор көрсөң (или чөптү кордосоң), көзгө зыян погов. если (даже) к траве будешь относиться с пренебрежением, и то вред глазу (нельзя преуменьшать опасность);
зыян кыл- повредить, принести вред;
зыян тарт- или зыянга учура- понести убытки; быть повреждённым;
он сом зыян тартты он потерпел десять рублей убытка;
зыянга учурат- нанести вред, причинить ущерб.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кандайдыр бир нерсеге же ишке келтирилген кесепет, залал, бузулууга, чыгымга ж. б. кириптер болгондук, тескери таасир. Жалкоо өзүнө гана түгүл, өлкөгө да зыян кылат (Байтемиров). Тишти кордосоң, сөзгө зыян (макал).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

ЗЫЯНжарандык укуктагы бир жактын өзүнүн туура эмес иш-аракети аркылуу башка бир жакка карата акчалай келтирген зыяны. Биринчиден, укугу бузулган жактын кайрадан калыбына келтирүү үчүн тарткан чыгымы, ошондой эле анын мүлкүн жоготуу же бузуу (иш жүзүндөгү зыян), экинчиден, эгер милдеттенме өз деңгээлинде аткарыла турган болсо, ал алууга мүмкүн боло турган киреше (колдон чыккан пайда) зыян катары түшүндүрүлөт. Жалпы эреже боюнча, карызкор кредиторго келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтуруп берүүгө тийиш. Милдеттенмелердин айрым түрлөрү боюнча, мыйзам анын жоопкерчилигин чектеши мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө кандайдыр бир нерсеге же ишке келтирилген кесепет, залал, бузулууга чыгымга ж. б. кириптер болгондук, тескери таасир. Чочубаңыздар, биз мусапыр, эч кимге зыяныбыз жок (Жантөшев). Орой киши урушуп, зыян тартат касынан (Осмонкул). Куубай карма тойгон койго зыян деп, Койчу турат койду таштай имерип (Осмонкул).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЗЫЯНДАШ — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашында Кошой Акбайга кайрылганда 3. Акбайдын колуктусу экенин айтат (Сагымбай Орозбаков, 3. 193).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Зыяны бар, зыян келтирүүчү, зыянга учуратуучу, жаман таасирлүү. Менин каталыгым: сенин зыяндуу кылыктарыңы көрүп мурунтан тыюу сала албагандыгым (Жантөшев). Зыяндуу чөптөр жулунсун (Үмөталиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЗЫЯНДЫН ОРДУН ТОЛТУРУУ – зыян келтирүүнүн натыйжасында келип чыккан мүлктүк жоготуунун ордун толтуруу. Жарандык мыйзамдарга ылайык, эгер колдонуу чегинен чыкпай, өзүн коргоо зарылчылыгынан улам зыян келтирилген болсо, анын ордун толтурууга жатпайт. Зыян келтирүү өтө зарыл учурда, т. а. зыян келтирген адамдын өзүнө же башка жакка залакасын тийгизүүчү коркунучту жоюу үчүн жасалып, ошол шартта ал коркунучту жоюуга башка чараларды колдонууга мүмкүнчүлүк болбосо, зыяндын орду зыян келтирген жак тарабынан толтурулат. 14 жашка толбогон (жаш балдар) эрезеге жетелек балдар тарабынан келтирилген зыян үчүн, алардын күнөөсүнөн улам болгондугун далилдей албаса, ата-энеси (асыроочу) же камкорчу жооп берет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЗЫЯН КЕЛТИРГЕН ЖЕРДИН МЫЙЗАМЫ (lex loci delicti commissi ) – аймагында зыян келтирилген мамлекеттин укугу колдонулуучу бекитүү формуласы. Мындай коллизиялык байламта сыпаа милдеттенмелерди иреттештирүүчү укукту тандоо үчүн колдонулат. Эларалык туризмдин жана эларалык унаа аткарымдарынын өсүшү чет өлкөлүк элементтер менен татаалдашкан сыпайы милдеттенмелердин санын арттырып, бул формуланын пайдалануу чөйрөсүн кеңейтет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮ НАТЫЙЖАСЫНДАГЫ МИЛДЕТТЕНМЕ – милдеттенмелик укуктун негизги институттарынын бири, жарандык-укуктук жоопкерчиликтин түрү. КР жарандык мыйзамдарына ылайык инсанга же жарандын мүлкүнө келтирилген зыян, ошондой эле, юридикалык жакка келтирилген зыян, зыян келтирген адам тарабынан толук өлчөмдө калыбына келтирүүгө жатат. Мыйзам менен зыянды калыбына келтирүү милдети зыян келтирүүчү болбогон адамга жүктөлүүсү мүмкүн. Мыйзам же келишим менен зыян келтирүүчүгө зыяндан ашыкча компенсация төлөө милдети белгилениши мүмкүн. Зыян келтирген адам, эгер келтирилген зыян анын күнөөсү менен эмес экенин далилдей алса, ал зыянды төлөп берүүдөн бошотулат. Зыян келтирүүчүнүн күнөөсү жок болгондо да, мыйзам аркылуу келтирилген зыянды калыбына келтирүү каралуусу мүмкүн. Укук негиздүү аракеттер менен келтирилген зыяндар мыйзамда каралган шарттарда калыбына келтирилет. Эгер келтирилген зыяндар жабырлануучунун өтүнүчү же макулдугу менен болсо, ал эми зыян келтирүүчүнүн аракеттери коомдун адеп-актык принциптеринен бузбаса, зыяндарды калыбына келтирүүдөн баштартылышы мүмкүн.