Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КРЕДИТОР (лат. creditor – карыз берүүчү) – 1) жарандык укукта башка тараптан – карызкордон кандайдыр бир аракетти жасоону (мүлк берүүнү, жумуш жасоону, акча төлөөнү ж. б.) же кандайдыр бир аракетти токтотууну талап кылууга укугу бар өзара милдеттенменин бир тарабы; 2) тар мааниде – бир тарапка (карыз алуучуга) кайырып берүү жана акы төлөө шарты менен акча каражатын (кредит) бере турган кредиттик келишимдин бир тарабы.