Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жаңыдан белгилүү болгон кабар, ар кандай жаңы окуялар, иштер. Шаарда кандай жаңылыктар болуп жатты экен (Бөкөнбаев).
2. Жаңы түшүмдөн, жаңы жетилген ар кандай жемиштерден биринчи ооз тийилип отурган даам. Жаңылыктан ооз тиеличи, бергилечи өрүгүңөрдөн («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаңы кабар, жаңыдан белгилүү болуп жаткан ар кандай окуу, иш, көрүнүш ж. б. – Кош, Жума, кандай жаңылыктарың бар (Жантөшев). Кыргызда сонун жаңылык Академия ачылып (Осмонкул). Жаңылык жеңип кармашта, Эскилик үйдөн сүрүлдү (Үмөталиев). 2. Жаңы түшүмдөн, жаңы жетилген ар кандай жемиштерден биринчи татып, жеп көрүп жаткан даам. Жаңылыктан ооз тиеличи, бергилечи, өрүгүңөрдөн («Ала-Тоо»).