Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаңы кабар, жаңыдан белгилүү болуп жаткан ар кандай окуу, иш, көрүнүш ж. б. – Кош, Жума, кандай жаңылыктарың бар (Жантөшев). Кыргызда сонун жаңылык Академия ачылып (Осмонкул). Жаңылык жеңип кармашта, Эскилик үйдөн сүрүлдү (Үмөталиев). 2. Жаңы түшүмдөн, жаңы жетилген ар кандай жемиштерден биринчи татып, жеп көрүп жаткан даам. Жаңылыктан ооз тиеличи, бергилечи, өрүгүңөрдөн («Ала-Тоо»).