Киргизско-русский словарь Юдахина
жатык I
1. наклонный, расположенный наклонно к чему-л.; склонённый;
2. перен. учтивый, не заносчивый, простой;
жакшы болсоң, жатык бол фольк. если ты знатен (напр. занимаешь высокое положение), будь учтив;
жатык тилдүү или тили жатык или сөзү жатык обладающий даром простой, степенной, импонирующей речи;
сенин тилиң жатык, сен айт ты скажи, ты на слово горазд (можешь говорить дельно и учтиво);
жатык жазылган аңгеме рассказ, написанный простым, доходчивым языком;
3. поведение, поступки;
законго туура жатыгы его поведение сообразно с законом.
жатык- II
стать склонным, расположенным к чему-л.; освоиться, приобвыкнуть, наловчиться;
сөз айтууга жатыксын, сөөгү бышып катыксын фольк. пусть он научится дельной речи, пусть кость (т.е. организм) его окрепнет;
жатыга элек көп элге жаш балапан убагым фольк. то было время моего детства, когда я ещё не привык к народу (выступать перед народом).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Сыпайы, сылык, орой, одоно эмес. Абдан жатык. Сыпайы, маданияттуу да мамиле кылат (Убукеев). Жакшы болсоң жатык бол, улук болсоң кичик бол (макал). Көйкөлө басып жатык кыймыл менен тамак-ашын иреттеп коё берди (Убукеев).
2. Жылма, куюлушкан, кулакка угумдуу, көркөм. Үнү бийик, тили жатык (Сыдыкбеков). Жатык жазылган аңгеме.
ЖАТЫК II этиш. Машыгуу, көнүгүү, маш болуп, үйрөнүп кетүү. Саясатка кайдан жатык болуп алгансың? (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сыпайы, сылык, орой эмес, кичи пейил, элпек. Жакшы болсоң жатык бол, улук болсоң кичик бол (макал). Абдан жатык. Сыпайы, маданияттуу да мамиле кылат (Убукеев). 2. Көркөм, куюлушкан, кулакка угумдуу. Карынын тили жатык, укканга сөзү түгөнбөйт (Баялинов). Үнү бийик, тили жатык (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир ишке, бир нерсеге машыгуу, көнүгүү, маш болуп, үйрөнүп кетүү. Түрдүү сөзгө тили жатыккан кыз-келиндер. || Көнүмүшкө айлануу, үйрөнүшүп, үйүр алып калуу. Улак балдардын көзүнө да жатыгып, өгөйлөөдөн оолактады (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сыпайылык, сылыктык, кичи пейилдик, элпектик. Жакшы болсо ургаачы, Жатыктыгын ылгачы (Тоголок Молдо). 2. Кулакка, жагымдуулук, көркөмдүк, уккулуктуулук, жөнөкөйлүк. Жазылган аңгеменин жатыктыгы жагат.