Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Сыпайы, сылык, орой, одоно эмес. Абдан жатык. Сыпайы, маданияттуу да мамиле кылат (Убукеев). Жакшы болсоң жатык бол, улук болсоң кичик бол (макал). Көйкөлө басып жатык кыймыл менен тамак-ашын иреттеп коё берди (Убукеев).
2. Жылма, куюлушкан, кулакка угумдуу, көркөм. Үнү бийик, тили жатык (Сыдыкбеков). Жатык жазылган аңгеме.
ЖАТЫК II этиш. Машыгуу, көнүгүү, маш болуп, үйрөнүп кетүү. Саясатка кайдан жатык болуп алгансың? (Сасыкбаев).