Киргизско-русский словарь Юдахина
1. дождь;
кар жаагандай,- каргаса, жамгырча жок, - жалгаса стих. когда (бай) проклинает, будто снег идёт, когда благодетельствует, и (капли) дождя нет;
жамгыр кылып, жаа тартып пуская из луков град (букв. дождь) стрел;
чаба жааган жамгыр косой дождь;
кара жамгыр проливной дождь, ливень;
2. южн. (в некоторых местах) град.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде бул сөз йагмур түрүндө болгон (ДТС, 225). Мунун йаг уңгусу азыркы кыргызча жаа этишине туура келет. Ал эми -мур мүчөсү байыркы түрк тилинде сейрек кездешип, этиштен атооч сөз жасалган. Мисалы: алмур «ач көздүк» (ДТС, 658). Байыркы йагмур сөзү жамгырдын жаашынан улам келип чыккан. Кийин гм тыбыштары орундарын алмаштырып, мг болуп өзгөргөн. Натыйжада жамгыр сөзүнүн жаа этиши менен байланышы жок сыяктанып калган. Кыргыз тилиндеги жаа сөзү жамгырга, карга, мөндүргө карата түз маанисинде айтылып, өтмө мааниде «ок жамгырдай жаады», «туш-туштан кубаттаган сөздөр жаады» сыяктуу учурларда колдонулуп келген. Түркчө йаг сөзү байыркы моңголчо йаву этишине тектеш. Байыркы моңголчо йаву сөзү азыркы калмак тилинде йов, бурят тилинде яба, моңгол тилинде яв түрүндө айтылат (Рассадин, 1952), 97). Бирок моңгол тилдеринде бул сөздөр жамгыр, кар, мөндүргө карата айтылбастан, адамга, жаныбарларга карата колдонулат (КРС, 279, БРС, 793). Ушуга караганда байыркы түркчө йаг этиши да моңгол тилдеривдеги йаву, йов, яба, яв этиштери сыяктуу жалпы эле «жүр, бас, түш, мин» маанисинде болгон. Алгачкы кеңири мааниси тарып, кийин түрк тилдеринде йаг этиши жамгыр, кар түшкөн учурга карата гана айтылууга өткөн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Казактын желкеге түшмө, кулакчыны бар баш кийими, тумактын бир түрү. «Ий-йа?! Деген чарк эткен үн чыкты, караса, башындагы жамгыр кагарын шалпайтып, үзөңгүсүн кере тээп, казак кейиптенген бирөө турат» (Касымбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.

ЖАМГЫРЧЫкаарман, уруу башчы кандардын бири. Көпчүлүк учурда эштектердин Жамгырчы делип туруктуу эпитет менен айтылат. Эштек аттуу урууну ичине камтыган бас деген журттун каны, кол башчысы, баатыры катары баяндалат: «Эштектердин Жамгырчы, Бас журтунда бу бир кан» (Сагымбай Орозбаков, 3. 61). Жамгырчы борборунда турган атайын эпикалык сюжет жок. Түрк урууларынын биримдиги, биргелеш өткөргөн жыйындары же казаттары баяндалган эпизоддордун бардыгында Жамгырчы уруу башчы катары көрсөтүлөт. Көкөтөйдүн ашына Жамгырчы өзүнүн колу, эли менен катышат. Жамгырчы — Манаска каршы кутум уюштурган жети кандын бири, күүлөнүп барып, Манастын сүрүн көргөндө аны менен басташмакчы болгон максатынан кайра тарткан кандардын эң алдыңкысы:

Каршы келген Жамгырчы
Каарына тура албай...
Улук эрди көргөндө
Учуп түштү атынан,
Кол куушуруп бооруна (Сагымбай Орозбаков, 4. 47).


«Чоң казатка» да өз колу менен катышып эрдик көрсөтөт, кытай, калмактарды жеңүүдө үлүшүн кошот. Семетей Таласка кайрылып келгенден кийин Жамгырчы Семетейге канатташ жашап, керек учурларда акыл-насаатын айтып турат. Эпостун бүт дээрлик варианттарында кыргыз кандарынын бири катары айтылса, Валиханов жазып алган эпизоддо карама-каршы планда берилип, Көкөтөйдүн ашында эр сайышка чыккан «каапырдын каны» Жамгырчы Манастан жеңилип калганы сүрөттөлөт (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 87—88-б.). «Мажму ат-таварихте» Йамгурчи аталып, Фулад менен бирге Манасия шаарына жортуулга барган ногой эмири делет, к. Йамгурчи

(С. Кайыпов)