ЖАМГЫР
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБайыркы түрк тилинде бул сөз йагмур түрүндө болгон (ДТС, 225). Мунун йаг уңгусу азыркы кыргызча жаа этишине туура келет. Ал эми -мур мүчөсү байыркы түрк тилинде сейрек кездешип, этиштен атооч сөз жасалган. Мисалы: алмур «ач көздүк» (ДТС, 658).
Байыркы йагмур сөзү жамгырдын жаашынан улам келип чыккан. Кийин гм тыбыштары орундарын алмаштырып, мг болуп өзгөргөн. Натыйжада жамгыр сөзүнүн жаа этиши менен байланышы жок сыяктанып калган.
Кыргыз тилиндеги жаа сөзү жамгырга, карга, мөндүргө карата түз маанисинде айтылып, өтмө мааниде «ок жамгырдай жаады», «туш-туштан кубаттаган сөздөр жаады» сыяктуу учурларда колдонулуп келген. Түркчө йаг сөзү байыркы моңголчо йаву этишине тектеш. Байыркы моңголчо йаву сөзү азыркы калмак тилинде йов, бурят тилинде яба, моңгол тилинде яв түрүндө айтылат (Рассадин, 1952), 97). Бирок моңгол тилдеринде бул сөздөр жамгыр, кар, мөндүргө карата айтылбастан, адамга, жаныбарларга карата колдонулат (КРС, 279, БРС, 793). Ушуга караганда байыркы түркчө йаг этиши да моңгол тилдеривдеги йаву, йов, яба, яв этиштери сыяктуу жалпы эле «жүр, бас, түш, мин» маанисинде болгон. Алгачкы кеңири мааниси тарып, кийин түрк тилдеринде йаг этиши жамгыр, кар түшкөн учурга карата гана айтылууга өткөн.