сегодня, нынче;
бүгүн-эртеңден или бүгүн болбосо, эртең не нынче-завтра.
бүгүн, бүгүнгө
бүгүн-эртең
Бул күн, сутканын ошол күнкү өтүп жаткан мезгили. Бүгүндөн калсаң, кеч болот (Байтемиров). Бүгүн аба ачык болгону менен, карандай суук катуу болуп турду (Убукеев). || Учурдагы мезгил, өз учуруна тиешелүү болгон бир аз убакыт, ошол учурда өтүп жаткан мезгил аралыгы. Турмушта уяң өскөн Бүбүялар Майданда бүгүн көпкө берип сабак (Турусбеков).
Бул сөз бу+күн деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан. «Байыркы түрк сөздүгүндө» бүкүн жана бүгүн варианттары чагылдырылган. Ушуга караганда бу жана күн деген сөздөр биригип, бүгүн түрүнө келгени ошол байыркы кезде эле ишке ашкан.
на сегодня; количество чего-л., достаточное на сегодняшний день;
бүгүндүк эле тамак еда, достаточная только на сегодняшний день.
Бүгүнкү күнгө гана эсептелген, бир күнгө гана жарарлык. Бүгүндүк эле тыйын турат.
сегодняшний;
бүгүнкүнүн эртеңи бар погов. сегодня поедим, так завтра поглядим (букв. у сегодня есть завтра; может быть употреблено и в обратном смысле: сегодня плохо, завтра будет хорошо);
бүгүнкүдөң эртеңи кызык болуп келатат (всё) идёт так, что завтрашнее (будет) интереснее сегодняшнего;
күнү бүгүнкүдөй ну, точно как сегодня;
элеси күнү бүгүнкүдөй көз алдына тартылат он (букв. его образ) стоит перед глазами как живой; он (букв. его образ) представляется так, как будто сегодня его видел;
көпүрөнүн өзү күнү бүгүнкүдөй болуп турат мост выглядит (букв. стоит) так, будто он сегодня сооружён.
такт. Азыркы, үстүбүздөгү. Бүгүнкү күндүн узундугу бир нече күнгө татыды (Жантөшев).
үстүбүздөгү күнгө таандык, ошол учурдагы. Дем алыш күндөр бүгүнкү күндөй өтсө (Сыдыкбеков). Бүгүнкүдөн эртеңкиси кызык.
Бүгүнкү күнү, азырынча. Бүгүнчө Чаргын жөнөкөй колхозчулар катарында (Сыдыкбеков).