БҮГҮН
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз бу+күн деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан. «Байыркы түрк сөздүгүндө» бүкүн жана бүгүн варианттары чагылдырылган. Ушуга караганда бу жана күн деген сөздөр биригип, бүгүн түрүнө келгени ошол байыркы кезде эле ишке ашкан.