Киргизско-русский словарь Юдахина
билиш I
1. известнык;
бирге тааныш болгончо, миңге билиш бол погов. чем быть знакомым с одним, лучше будь известен тысяче;
бир көргөн - билиш, эки көргөн - тааныш погов. увидел раз - известный, увидел два - знакомый;
коркок билиш кылып ал- запугав, подчинить себе;
коркок билиш жетим запуганный сирота;
2. знание, умение.
билиш- II
взаимн. от бил- II;
сабактарын билишпейт они уроков не знают.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Азыркы кыргыз тилинде тааныш-билиш деген кош сөздүн жана «Бир көргөн – билиш, эки көргөн – тааныш», «Бирге тааныш болгончо, миӊге билиш бол» деген макал-лакаптардын курамынан кездешүүчү бул сөз азыркы мезгилде өз алдынча дээрлик колдонулбайт. Бул сөздүн байыртан келатканы Махмуд Кашгаринин сөздүгүнөн белгилүү жана ошол мезгилде эле ал «тааныш» маанисинде колдонулган. Азыркы түрк тилинде да ушул маанини берет жана кыргыз тилиндегидей эле «билиш-таныш» деген кош сөздүн курамынан кездешет.