Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Азыркы кыргыз тилинде тааныш-билиш деген кош сөздүн жана «Бир көргөн – билиш, эки көргөн – тааныш», «Бирге тааныш болгончо, миӊге билиш бол» деген макал-лакаптардын курамынан кездешүүчү бул сөз азыркы мезгилде өз алдынча дээрлик колдонулбайт. Бул сөздүн байыртан келатканы Махмуд Кашгаринин сөздүгүнөн белгилүү жана ошол мезгилде эле ал «тааныш» маанисинде колдонулган. Азыркы түрк тилинде да ушул маанини берет жана кыргыз тилиндегидей эле «билиш-таныш» деген кош сөздүн курамынан кездешет.