Киргизско-русский словарь Юдахина
~: тил билгилүү умница, разумный и обходительный;
тил билгилүү боз балдар оозу элпек коштоодой стих. разумные пареньки подобны послушному запасному коню (см. коштоо I 2);
иш билгилүү то же, что жон билги (см. жөн 3).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени тез сезгич, тез биле коюучу. Ичтеги сырды байкайт го, Адамдын кыйын билгичи («Олжобай менен Кишимжан»). || Билерман, акылман, даанышман. Уламадан уласак, Билгичтерден сурасак («Манас»). Жүр, билгичке баралык, Калыс кыла салалык (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени тез биле коюучулук, сезгичтик, билермандык, даанышмандык. Эркинбек чоочун аялдын билгичтигине таң калгандай делдее башын ийкеди (Жантөшев). || Кандайдыр бир нерсенин жөнүн, жайын жакшы билгендик. Техниканы билгичтик менен пайдалануу.