Киргизско-русский словарь Юдахина
1. осёл;
эшек эшектен калса, кулагын кес погов. если осёл от осла отстал, отрежь ему уши (ровня от ровни отставать не должен);
ат арпа жесе, эшек кулагын салат погов. когда конь ячмень ест, осёл уши настораживает;
эшекти отко айдаса, бокко качат погов. осла гонят к траве, а он идёт к дерьму (привык питаться объедками);
эшек баксаң ардактап, буудан болбойт турбайбы фольк. даже если будешь пестовать осла, он скакуном не станет;
кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм жоор эшек погов. разошлись как в море корабли (букв. где я видел чёрного осла? в пути я видел в ссадинах осла);
коңгуроолуу көк эшек миф. серый осёл с колокольчиком (верхом на нём явится перед концом мира Чугунное Ухо (см. чоюн);
коңгуроолуу көк эшек минген Чоюн-Кулак Чугунное Ухо, сидящий на сером осле с колокольчиком;
акыретте мине турган кер эшегим болду он мне ответит на том свете (букв. стал карим ослом, на котором я буду ездить на том свете);
кер эшегиң болоюн я буду во всём подчиняться тебе (букв. стану твоим карим ослом);
кара эшекке тетири каратып мингиз- посадить на чёрного осла лицом к хвосту (позорное наказание для неверной жены);
2. шпенёк у жуушаң (см.);
эшек секиртмей или эшек секирди или южн. эшек минди игра, напоминающая чехарду;
эшек беде южн. вид трилистника;
эшек курт см. курт I;
эшек такала- см. такала-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жылкы түркүмүнө кирүүчү жапыз бойлуу, узун кулак, башы чок күч унаа катары гана пайдаланыла турга үй айбаны. Эшектин жүгү жеңил болсо жаталак болот (макал). Эшектин күч адал, сүтү арам (макал).
Эшек жыгач — үстүнө чыгып имараттын (үйдүн же башка курулуштун) бой жетпеген жерин шыбоо, жасалгалоо, ремонттоо иштерин жүргүзүү үчүн колдонулуучу стол сыяктуу буттуу жасалга. Шыбакчы эшек коюп там шыбады.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үстүнө чыгып, имараттын (үйдүн же башка курулуштун) бой жетпеген жерин шыбоо, актоо же жасалгалоо, оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн колдонулуучу стол сыяктуу төрт буттуу курулуш шайманы. Шыбакчы эшек жыгачты коюп там шыбады.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаман-жакшыны, кыйынчылыкты көп көрө элек, кагыла элек. Бул баланын дагы эшек курту мурдунан түшө элек да, ошон үчүн оозун көптүрүп сүйлөп жатат, - деди Бейшебаев сөзгө кошулуп («Ала-Тоо»). Эшек курту мурдунан түшө элек мадыра баштын кылганын карабайсыңбы! (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаман-жакшыны, кыйынчылыкты көп көрө элек, кагыла элек. Бул баланын дагы эшек курту мурдунан түшө элек да, ошон үчүн оозун көптүрүп сүйлөп жатат, – деди Бейшебаев сөзгө кошулуп («Ала-Тоо»). Эшек курту мурдунан түшө элек мадыра баштын кылганын карабайсыңбы! (Саатов). В.: Эшек курту түшүү. – Кеттик, Абыке. Өз шору өзүнө. Көрөсүң, эшек курту түшкөндө өзү келет (Кушубеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч нерсе кылбай, эч иш бүтүрбөй бош жүрүү, убакытты бошко, бекерге өткөрүү. - Кокуй-ой! Ушу жашка келип, мен шаарда эшек такалап жүрүпмүнбү? (Жусупов). Эми аны байкап калса, силер эшек такалап жүрөсүңөрбү дебейби? (Тойбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерсе кылбай, эч иш бүтүрбөй бош жүрүү, убакытты бошко, бекерге өткөрүү. – Кокуй-ой! Ушу жашка келип, мен шаарда эшек такалап жүрүпмүнбү? (Жусупов). Эми аны байкап калса, силер эшек такалап жүрөсүңөрбү дебейби? (Тойбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келесоо, акылынан айныган, көк мээ деген мааниде тилдөө, жемелөө, кемсинтүү иретинде колдонулат. Эшектин мээсин жеген чочко! Деги колуңдан бирдеме келеби? – деп, кожоюн мени төбөдөн ары камчы менен салып калды («Ала-Тоо»). – Ооба, «Эшектин мээсин жеген бейм» деп коюшат акылсыз иш кылган адамдарды (Абдыраманов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Келесоо, акылынан айныган, көк мээ деген мааниде тилдөө, жемелөө, кемсинтүү иретинде колдонулат. Эшектин мээсин жеген чочко! Деги колуңдан бирдеме келеби? - деп, кожоюн мени төбөдөн ары камчы менен салып калды («Ала-Тоо»). -Ооба, «Эшектин мээсин жеген бейм» деп коюшат акылсыз иш кылган адамдарды (Абдыраманов).