ЭШЕКТИН МЭЭСИН ЖЕГЕН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Келесоо, акылынан айныган, көк мээ деген мааниде тилдөө, жемелөө, кемсинтүү иретинде колдонулат. Эшектин мээсин жеген чочко! Деги колуңдан бирдеме келеби? – деп, кожоюн мени төбөдөн ары камчы менен салып калды («Ала-Тоо»). – Ооба, «Эшектин мээсин жеген бейм» деп коюшат акылсыз иш кылган адамдарды (Абдыраманов).