Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Элик уулоо, элик атууга чыгуу. Мылтыгын асынып, карагайлуу черди аралап эликтеп чыкты («Советтик Кыргызстан»).
ЭЛИКТЕ II этиш. Туурап, бети-башын кыйшаңдатып шылдыңдоо, жактырбоо, мыскылдоо. Эликтеп, туурап мыскылдап, Башыңды неге иесиң (Аалы). Кыздын арсызды эликтеген шылдың күлкүсү эле (Сыдыкбеков).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Бирөөнү шылдыӊдап күлүү» деген маанидеги эликте сөзү элик+те бөлүктөрүнөн турат. Анын элик деген уӊгусу Махмуд Кашгаринин заманында (XI кылым) «мыскыл, шылдыӊ» маанисин берген. Ошол сөзгө этиш жасоочу –ла мүчөсү уланып, эликте сөзү келип чыккан» (Сейдакматов 1988:268). Мунун теги «кол» маанисиндеги элик сөзү болушу да мүмкүн. Анткени бул сөз негизинен, кыз-келиндерге карата колдонулуп, алар эликтеп шылдыӊ кылганда, колу менен бетин чымчып күлүшкөн. Ушундан улам эликтин «шылдыӊ» деген өтмө мааниси пайда болсо керек деп божомолдоого болот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. передразнивать; строить гримасы, передразнивая кого-л., корчить рожи;
мурдун чүйрүп, ээгин жогору көтөрө, эликтеп койду сморщив нос, задрав кверху подбородок, она скорчила рожу;
2. перен. следовать кому-л., подражать.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Бирөөнү шылдыңдап күлүү» деген маанидеги эликте сөзү элик+те бөлүктөрүнөн турат. Анын элик уңгусу Махмуд Кашгаринин заманында (XI кылым) «мыскыл, шылдың» маанисин берген. Ошол сөзгө этиш жасоочу -ла мүчөсү уланып, эликте сөзү келип чыккан.