Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Бирөөнү шылдыӊдап күлүү» деген маанидеги эликте сөзү элик+те бөлүктөрүнөн турат. Анын элик деген уӊгусу Махмуд Кашгаринин заманында (XI кылым) «мыскыл, шылдыӊ» маанисин берген. Ошол сөзгө этиш жасоочу –ла мүчөсү уланып, эликте сөзү келип чыккан» (Сейдакматов 1988:268). Мунун теги «кол» маанисиндеги элик сөзү болушу да мүмкүн. Анткени бул сөз негизинен, кыз-келиндерге карата колдонулуп, алар эликтеп шылдыӊ кылганда, колу менен бетин чымчып күлүшкөн. Ушундан улам эликтин «шылдыӊ» деген өтмө мааниси пайда болсо керек деп божомолдоого болот.