hairdresser ‘хэадрэсэ;
(эркектердики) barber ‘баабэ
Бир караганда кыргызча «чач» жана «тара» деген эки сөздөн жасалгандай туюлган бул сөз чынында этимологиялык жактан эки компоненттен турат: кыр. чач + ир. тэраш «алуу, кыруу». Иран тилдеринде сэртераш (сэр «баш» + тэраш) түрүндө колдонулат, бирок түрк тилдеринин таасири менен аларда да сачтэраш (сач «чач») формасы пайда болгон (Малаев 2011:162).
1. Чачты, сакал-мурутту алуучу, тегиздөөчү жай. Муруттарым кара кылкан өңдөнүп, Чачтарачка эки ирет келтирди (Токомбаев). 2. Чач, сакал-мурут алуучу, тегиздөөчү киши. Чачтарач менен сүйлөшсөң, устара менен кайрагын айтар (макал). Атасы жумушчу, апасы чачтарач, Бектурдун баласын көр (Шүкүрбеков).