ЧАЧТАРАЧ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Чачты, сакал-мурутту алуучу, тегиздөөчү жай. Муруттарым кара кылкан өңдөнүп, Чачтарачка эки ирет келтирди (Токомбаев). 2. Чач, сакал-мурут алуучу, тегиздөөчү киши. Чачтарач менен сүйлөшсөң, устара менен кайрагын айтар (макал). Атасы жумушчу, апасы чачтарач, Бектурдун баласын көр (Шүкүрбеков).