Киргизско-русский словарь Юдахина
мир, спокойствие, покой;
тынчтык согушту жеңет мир победит войну;
тынчтык келишими или тынчтык договору мирный договор;
биздин колдон ойрон болот, тынчтык күнгө бүлүк салган стих. нами будет разгромлен тот, кто нарушит мирную жизнь;
катының долу болсо, замандын тынчтыгынан не пайда? погов. что пользы в том, что времена спокойны, если у тебя жена взбалмошна?
тынчтык курулуш мирное строительство;
тынчтык экономика мирная экономика;
тынчтык түрдө мирным путём.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жым-жырттык, ызычуу жоктук; бейкуттук, согуш жок тынч абал, чыр-чатаксыз тынч абалда жашагандык. Үйдүн ичине тынчтык өкүм сүрө баштады (Жантөшев). Табийгаттын бардык көрүнүшү тынчтыкта (Жантөшев). Тынчтык согушту жеңет. Бүткүл дүйнөнүн элдери тынчтыкты каалайт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жымжырттык, ызы-чуу жоктук, бейкуттук, согуш жок тынч абал, чыр-чатаксыз тынч абалда жашагандык. Үйдүн ичине тынчтык өкүм сүрө баштады (Жантөшев). Табийгаттын бардык көрүнүшү тынчтыкта (Жантөшев). Тынчтык согушту жеңет. Бүткүл дүйнөнүн элдери тынчтыкты каалайт. Бүткүл элге тынчтык керек! (Жакиев).2. Мамлекеттер ортосунда согуш, куралдуу аракеттер болбогон, жайынча абал. 3. Согуш аракеттерин толук токтотуу жөнүндөгү согушуп жаткан жактардын ортосундагы келишим. Тынчтык келишимин түзүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЫНЧТЫК БҮТҮМҮ – тараптардын ортодогу талаштарды өзара эпке келүүлөр менен токтотуу тууралуу чечими. Т. б. тынчтык макулдашуулар деп аталган соттук жана соттон сырткаркы болуп бөлүнөт. Биринчилери өзалдынча ишке ашырылат, экинчилери сот жыйынынын протоколунда катталат жана сот аныктоосу менен бекителет. Т. б. бейтарап соттордо да түзүлүүсү мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЫНЧТЫККА ЖАНА АДАМЗАТ КООПСУЗДУГУНА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – мамлекеттердин жана элдердин ортосундагы ойдогудай мамилелерге, эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуунун негиздерине, ошондой эле адамзаттын талаптагыдай жашоо шарттарына кол салган кылмыштардын тобу. Геноцид ; экокыргын; жалдамачылык ж. б. ошондой кылмыштардан болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ – согуш абалын юридикалык жактан токтотуучу жана согушуп жаткан мамлекеттердин тынчтык мамилелерин калыбына келтирүүчү эларалык келишимдин түрү. Эреже катары, Т. к. согуштук аракеттерди токтотууга, аймактык маселелерди жөнгө салууга, согуш келтирген зыяндарды калыбына келтирүүгө, согуш туткундарын кайтарып берүүгө, согуш кылмышкерлерин жоопко тартууга ж. б. токтом чыгарат. Т. к. прелиминардык (адепки) же биротоло бүткөн болуусу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЫНЧТЫК МАКУЛДАШУУ – соттук талаш-тартыштарды тараптардын өзара эпке келүүлөрүнүн негизинде токтоткон макулдашуу. Мында тараптар соттук чыгымдарды бөлүшүүнүн тартибин, ошондой эле адвокаттын кызматын төлөө боюнча чыгымдарды алдынала макулдашат. Т. м-ну соттук териштирүү учурунда эле эмес, иштин башка стадияларында – кассациялык инстанциядагы иштерди кароо, сот чечимин аткаруу деңгээлинде да түзүүгө болот. Талашты Т. м. жолу менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгү сот тарабынан ишти соттук териштирүүгө даярдоодо да такталат. Т. м. мыйзамдуулугун көзөмөлдөө сотко таандык: Т. к. мыйзамга каршы келсе же кимдир-бирөөнүн укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын бузса ал аны бекитпейт. Т. м-сунун оозеки айтылган шарттары сот жыйынынын протоколдоруна түшүрүлөт жана эки тараптын тең колу коюлат. Жазуу жүзүндө берилген Т. м. ишке кошулуп тиркелет. Т. м-ну бекитүүдө сот Т. м-сунун шарттарын көрсөтүү менен иш боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу аныктама чыгарат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЫНЧТЫКТЫ БУЗУУ – БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан аныкталуучу күч колдонуунун конкреттүү кырдаалы, ал тынчтыкка коркунуч келтирүү менен бирге эле ошол орган кабыл алган БУУнун Уставынын VII бөлүмүнүн негизинде эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту калыбына келтирүү жана кармап туруу боюнча чараларды көрүүнү талап кылат. Т. б. агрессия (баскынчылык ) түшүнүгүнөн кеңири. Т. б-ну жиктештирүүгө жана болтурбоого байланыштуу Коопсуздук Кеңеши БУУнун мүчөлөрү үчүн милдеттүү жана сунуштама резолюцияларды кабыл алышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЫНЧТЫКТЫ САКТОО БОЮНЧА БУУ АТКАРЫМДАРЫ – эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо же калыбына келтирүү үчүн БУУ Коопсуздук Кеңешинин куралдуу күчтөрдү же аскер байкоочуларын колдонуу менен ишке ашырган чаралары же аракеттери. БУУ Уставына ылайык, мындай аракеттер БУУга мүчө-мамлекеттердин аба, деңиз жана кургактагы күчтөрүн көрсөтүүнү, камалоого алууну ж. б. аткарымдарды өз ичине камтуусу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЫНЧТЫКТЫ САКТОО ИШМЕРДИГИ – эларалык укукта мамлекеттердин БУУнун Коопсуздук Кеңеши, аймактык органдар (аймактык макулдашуулардын алкагында, же болбосо эки тараптуу же көп тараптуу эларалык келишимдердин негизинде) тарабынан көрүлүп жаткан эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо жана калыбына келтирүү боюнча иштери жана мажбурлоого (БУУнун Уставына ылайык) жатпаган аракеттери.