Тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ТЫНЧТЫККА ЖАНА АДАМЗАТ КООПСУЗДУГУНА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – мамлекеттердин жана элдердин ортосундагы ойдогудай мамилелерге, эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуунун негиздерине, ошондой эле адамзаттын талаптагыдай жашоо шарттарына кол салган кылмыштардын тобу. Геноцид ; экокыргын; жалдамачылык ж. б. ошондой кылмыштардан болуп саналат.