Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Эңсөө, самоо, көксөө, каалоо сыяктуу сагынычтык сезиминде болуу, кусалануу. Курбулар, көптөн бери Жапардын созолонтуп ырдаганын сагындык (Бөкөнбаев). Сагынган теңтуштарыма учураштым (Сыдыкбеков). Сагындым Ала-Тоону, тууган элди, Ата-энем мекен кылган ыйык жерди (Абдыраманов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
тосковать, скучать по кому-чему-л.;
досумду сагындым я соскучился по своему другу;
эл сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас ат болбос погов. нет молодца, который не тосковал бы по (своему) народу, нет коня, который не скучал бы по своему косяку;
үйүр сагынып, ат келет, эл сагынып эр келет фольк. стосковавшись по (своему) косяку, конь придёт, стосковавшись по (своему) народу, молодец явится.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эңсөө, самоо, көксөө, каалоо сыяктуу сагыныч сезиминде болуу, кусалануу. Сагынып жазган саламым, Аман бар бекен үйдөгү (Казыбек). Курбулар, көптөн бери Жапардын созолонтуп ырдаганын сагындык (Бөкөнбаев). Сагындым Ала-Тоону, тууган элди, Ата-энем мекен кылган ыйык жерди (Абдыраманов). Жаз, саратан ысылаган сүйүүдөн, Барат недир күздүн желин сагынып (Закирова). Сагындым сени, чарчап да бүттүм түгөндүм, Эстеген сайын ооруткан жанды, дилимди (Мамазаирова). Сагынам алыс жакта жүргөнүмдө, Сиз деген сылык сөзүн жеңелердин (Бегимкулова). Бир чети ал кездерди сагынамын, Курсагын тойгузам деп жан балаңдын (Байгазиев). Төө деп минип ойногон ак ташымды, Сагынгандан кучактап өбө албайм ээ!.. (Байгазиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от сагын-
заставить скучать, заставить тосковать (по себе);
сагынтты тууган жерим, өскөн элим стих. стосковался я по земле, где родился, по народу, среди которого вырос;
телмиртип, тер тамган жер сагынтпаса, каяктан төрөлгөн жер мекен делсин! стих. как может земля, где ты родился, где капал пот (твой), называться отчизной, если не заставляет тебя в ожидании тосковать!;
сапарга кетип, кулунум, сагынттың элди, булбулум фольк. уехав в дальний путь, мой жеребёнок, ты, мой соловей, заставил свой народ тосковать.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от сагын-;
улуу "Манас" эпосун биздин кыргыз элибиз өтө сагынуу менен басмага чыгууну күтүшөт наш киргизский народ с большим нетерпением ждёт выхода великого эпоса "Манас".