САГЫН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Эңсөө, самоо, көксөө, каалоо сыяктуу сагыныч сезиминде болуу, кусалануу. Сагынып жазган саламым, Аман бар бекен үйдөгү (Казыбек). Курбулар, көптөн бери Жапардын созолонтуп ырдаганын сагындык (Бөкөнбаев). Сагындым Ала-Тоону, тууган элди, Ата-энем мекен кылган ыйык жерди (Абдыраманов). Жаз, саратан ысылаган сүйүүдөн, Барат недир күздүн желин сагынып (Закирова). Сагындым сени, чарчап да бүттүм түгөндүм, Эстеген сайын ооруткан жанды, дилимди (Мамазаирова). Сагынам алыс жакта жүргөнүмдө, Сиз деген сылык сөзүн жеңелердин (Бегимкулова). Бир чети ал кездерди сагынамын, Курсагын тойгузам деп жан балаңдын (Байгазиев). Төө деп минип ойногон ак ташымды, Сагынгандан кучактап өбө албайм ээ!.. (Байгазиев).