Энциклопедия "Манас". ч.1.
МАМБЕТ Чокмор уулу (1896, Тоң району, Корумду деген жер —1973, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) — манасчы. М. өз вариантын жаздырып жүргөн учурунда кайсы манасчыдан кандайча таалим алгандыгын айтпай, «Манас баатырдын өзү айтмайынча же «Манасты» өз дилинде айтпаса, жаттап бүрөөдөн үйрөнүп алууга болбойт» деген.
Башка манасчылар сыяктуу эле ал да Манас баш болгон чоролордун аян берүүсүнөн, «айтасың» деп кыстаганынан кийин гана «Манас» айтып калгандыгын эскерет. 20 жашында Тастар-Ата деген жерде жүрүп, уктап калганын же талып калганын өзү билбейт. Ошондо көзүнө көк туу көтөргөн кошун көрүнөт. Алардын ичинен бөлүнүп чыккан бирөө буларды тааныйсыңбы деп опузалайт. М. тааныбастыгын айтканда бирөөнүн «найза менен сайып ташта» деген үнү угулат. Жанына келген киши: «Коркпо, Манас ушул, эми сен Манасты айтасың», — деп аттан түшө калып М-тин төшүнүн оң жагына мөөрүн басат. Ошондон кийин М. өзүнчө жалгыз жүргөн учурларында «Манасты» айта баштайт. Бирок, ага ошол учурда бирөөлөр жолугуп калса же көрсө эсинен танып жатып калчу экен. Мына ушундай абалда жүрүп, эл арасына барып айтпагандыктан, ал бир жак ыптасынан шал ооруга чалдыгат. М-тин ушул абалын байкаган таекеси Дөңүзбай аны эл арасына алып чыгып биринчи жолу бетин ачат. Ошондон тартып эл аралап «Манас» айтып калат.
М. Чокмор уулунан «Манас» үчилтигинин бөлүмдөрү («Манас», «Семетей», «Сейтек») «Манас» секторунун кызматкерлери тарабынан 1965 — 73-жылдардын аралыгында жазылып алынган. М-тин айткан вариантында «Манас» эпосундагы айтылып жүргөн салттык окуялар бүтүндөй камтылган. Окуяларды сүрөттөп берүү ыктары көпчүлүк манасчылардыкына жакын. Бирок, айрым бир окуяларды куруу, мотивдерди талкуулоо жана сүрөттөө көрүнүштөрү боюнча башка варианттардан мүнөздүү айырмачылыкка ээ. Эпостун мазмуну Манастын түпкү тегин баяндоо менен ачылат. Манастын түпкү атасы башка варианттарда жолукпаган, бирок элдик уламыштын каарманы Асанкайгы болот. Анын балдарынын аттары аталып, ошол учурда кайсы кандар менен жамаатташ тургандыгы жана чачылып, айдалып кетиши жөнүндө да өзүнчө баяндалат.


Жакыптын жакын тууганы Аталыктын баласы Көзкаман бийлик талашуунун негизинде Жакыпка каршы чыгып, аны өз жеринен айдап жиберет. Жакыптын тентиши жөнүндөгү идея мотивдештирилсе да сөз эпикалык душмандар жөнүндө болбостон, ички ага туугандарынын ортосунда болгон араздашууга алып келип такайт. Мына ушундай себептердин натыйжасында Жакып аялдарынын сөзү менен өлүм жазасынан кутулуу үчүн айылын таштап качууга аргасыз болот.
Көзкамандардын өкүмүнөн кийин Жакып аялдарын ээрчитип бир топ эл-жерди кыдырып, акыры Арстанбапка келип токтоп, жер айдап, эгин эгип дыйканчылык кылат. Бул жерден ал башка жерге которулбастан акырында өз жерине кайрылып келет.
Манас башка варианттардагыдай Алтайда эмес, Арстанбап тарапта төрөлөт. Анын дүйнөгө келиши баатырлардын сыйкырдуу төрөлүшү жөнүндөгү салттык ык менен эле баяндалат. М-тин айтуусунда ичтен капкактуу түшөт. Кайыптын добушу ал капкакты жарып чыгат. Баланы караса эки колу бекем түйүлгөн. Түйүлгөн эки колунда кан болот.
Башка варианттарда Манастын балалык кези койчулуктан башталып, андан соң анын калмактар менен болгон алгачкы айкаштары эпостун лейтмотивин түзүүчү баатырдык жүрүшкө багыт берип турат. Ал эми М-те негизинен тарбиялоонун багыты башка варианттарга үндөшкөнү менен эпостун мазмунунун жүрүшү кандайдыр жомоктук мүнөздө айтылат. Манастын тентектигине жана баш бербестигине чыдабаган Жакып энеси экөөнү айдап жиберет. Таалим-тарбияны жана молдолук окууну таятасы Карачаныкында жүрүп үйрөнөт. Бирок, канчалык тарбияланса да Манастын өз билгенин бербестиги, тентектиги күчөй берет. Анын мүнөзү эрезеге жетип, чоң жортуулга чыкканда гана токтолот.
Манас таятасы Карачадан келгенден кийин кандарды издеп айылынан чыгып өзүнө чоро болуучу кандарга жолугат. Мунун ичинен Кошой менен жолугушканы кененирээк баяндалып, Кошойдон Кожонун кызы Билерик жөнүндө угат. Андан соң Манас алты пирге жолугат. Ушул сыяктуу көп жүрүштөрдөн кийин гана Манас элине келет.
Негизги варианттарда (Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Саякбай Каралаевдин варианты нда) Жаангер Кожонун же Айкожонун баласы Билерик жөнүндө кеңири пландагы баяндама берилсе, М-те Билерик Кожонун кызы болуп аталат да Кошойдун сөзүндө гана эскерилет. Демек, варианттардын бирөөндө уул бала болсо, экинчисинде кыз бала болуп, айырмачылыкка ээ.
Ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрдү МЧВнын эпизоддорунан да учуратабыз. Манастын Каныкейге үйлөнүшүндөгү башка варианттарда айтылган кыз издөө, кудалашуу, кызды алып келүү, Манастын Каныкейден жарадар болушу сыяктуу урунттуу окуялардын берилиши Мамбет Чокморовдун вариантында да толугу менен сакталган. Бирок, манасчы ушул окуяларды өөрчүтүүдө эпостун сюжетин жомоктук багыттагы мазмундун негизинде трактовкалаган. Манастын кандарды кыдырып келишинен кийин элинде болгон жыйында ага аял алып берүү жөнүндө сөз козголуп, Каракандын кызы Каныкейди алып беришмек болушат. Кыз издөөгө Жакып каршы болот. Кыз издөө, элчилик милдет Агыш, Үрбү, Жангазы, Элчибай жана Бөкөйгө тапшырылат. Алардын кыз издегени, жолдо көргөн азап-тозогу манасчы тарабынан кеңири баяндоого алынат.
Манастын башкы эпикалык душманы Алооке жөнүндөгү баян Мамбет Чокморовдун вариантында өзүнчө эпизод катарында айтылган. Алооке өзүнүн үстөмдүгүн тегерегиндеги кандарга көрсөтүп, аларды бүтүндөй каратып алат да жеңилбей дагы кайсы кандар калды дегенде Эдиге аттуу билерман жигити Манастын жөнүн айтат. Аны уккан Алооке Манастын элин камайт. Ошол учурда Манас кырк чилтендин азгыруусу менен Аккуланы минип айылынан чыгып кетет. Ортодо майда окуялар баяндалат да, бир топ эпикалык мүнөз өткөндөн кийин Манастын өзүнө тиешелүү курал-жарагы, кийимдери колуна тийгендиги айтылат.
Эпостогу Көкөтөйдүн ашы бардык варианттарда чоң эпикалык жүрүштүн башталышына түрткү болгон эпизоддордон болуп саналат. Ашта кыргыз жана аларга союздаш кандар Манастан запкы көрүп, кек сактап калышат да ага каршы чыкканы бардык манасчыларда бирдей айтылат. Бул вариантта дагы айрым бир аталыштар же окуялардын айтылышы сыяктуу көрүнүштөрдөн айырмаланганы болбосо, башка варианттардагыдай эле Көкөтөй канга берилген аш, анын шаан-шөкөтү жөнүндөгү окуялар сүрөттөлөт.
«Манас» эпосунун финалдык бөлүгүн түзгөн жыйынтыктоочу эпизоддордун бири «Чоң казат». Бул эпизод бардык варианттарда туруктуу түрдө учурайт. Негизги сюжеттик нук жана окуянын өөрчүтүлүшү композициялык жактан көпчүлүк манасчыларда негизинен бирдей эле мотивдер аркылуу баяндалат. Мындай жалпылыкка карабастан айрым манасчылар айтуу манерасына, үйрөнүү салтына жараша кээ бир деталдуу көрүнүштөрдү жана окуяларды талкуулоодо башка манасчылардан өзгөчөлөнүп тургандыгы байкалат. Анткени, манасчы эпосту айтып жатканда жалпы сюжеттик нукту сактаганы менен айрым бир көрүнүштөргө же окуялардын түшүндүрүлүшүнө, пейзаждын сүрөттөлүшүнө келгенде эргүү сезимине жараша башка манасчыларды кайталабастан, өз өнөрканасына мүнөздүү чыгармачылык күчкө басым жасайт.
Негизинен үчилтиктин экинчи жана үчүнчү бөлүгү айтылган вариантта өзүнүн салттык өзөк окуяларын сактаган. Ошондой эле бул вариантта ысык-көлдүк манасчылардын мектебинде айтылган салттык эпизоддор бар экендигин да эстен чыгарбоо керек. «Семетей» бөлүмү өз ичине Каныкейдин Чыйырды менен Семетейди алып Букарды көздөй качканы, Каныкейдин Тайторуну чапканы, Семетейдин Сарытаздан өзүнүн жери менен эли жөнүндө укканы, Семетейдин Букардан аттанып чыкканы, Таласка келип Абыке, Көбөштөн алты мүлктү алганы, кайра Букарга келгени, Букардан Таласка көчкөнү, Абыке, Көбөштүн каршылашып кырк жигитти ээрчитип качышы жана курман болгону, Семетейдин Толтой менен болгон кармашы, Айчүрөккө үйлөнгөнү, Коңурбайдан өч алганы, Семетейдин өлүмү сыяктуу бардык варианттарда туруктуу учуроочу өзөк окуяларды камтыйт. Жогоруда аталган туруктуу эпизоддор сакталганы менен манасчы тарабынан айрым окуялар, мотивдер, образдардын талкууланышы башка варианттардан өзгөчөлөнүп баяндалуу менен өзүнчөлүк мааниге ээ. Саякбай Каралаевдин варианты менен Жакшылык Сарыковдун вариантында Бакай төө кайтарып калса, Шапак Рысмендеевдин вариантында элин бөлүп өз алдынча жашайт. Ал эми Мамбет Чокморовдун вариантында Бакай Жакып менен анын балдары Абыке, Көбөшкө моюн бербестен, алар менен кандуу кармашка чыгып, Каныкейди качырганга жардам берет. Каныкей качканда түз эле Букарга атасыныкына барам деп чыгат. Анын башка элге баруу жөнүндөгү ою атасына таарыныч кылып Каракандын жолдон кезиккен жигитине айткан сөзү башка варианттардын айрымдарында учураганы менен өзгөчөлөнтүп Бакай менен болгон кеңеште мотивдештирилген. Ал эми бул вариантта жолдо чарчап-чаалыгып калган мезгилде Каныкей тарабынан таарыныч иретинде гана айтылган сөз катары белгилөөгө болот. Каныкейдин Букарга келгенден кийин атасы менен кеңешип ачык эле Манаска аш берип, Семетейдин эл, жерин таап, атасындай баатыр болор бекен деп төлгө кылып ат чаба тургандыгы манасчы тарабынан ачык айтылат. Башка варианттарда болсо мындай мотивдештирилген эпизод жок.
Семетей менен Коңурбайдын кармашына чейинки мезгилди ичине алган окуяларга бир топ майда окуялар киргизилген. Бирок, манасчы тарабынан кошумчаланган майда окуялар, сюжеттин өзөк окуяларына анча таасир бербестен жана өзгөртпөстөн, тескерисинче негизги окуяларга органикалык түрдө биригип кеткен. Буларга Күлчоро менен Канчоронун жана Чынкожо менен Толтойдун окуялары, Чачыкейге байланыштуу айтылган баяндамалар манасчы тарабынан өз алдынча трактовкаланып, окуяларга жаңы мазмун, мотив бергени менен эпостун негизги сюжеттик нугунан чыкпастан толуктап турат. Ошондой эле Айчүрөктүн баатырларды сынашы башка манасчылардагы мотив менен үндөшсө дагы Сагымбай Орозбаковдун вариантында айтылгандай эпикалык арымына жеткире сүрөттөлгөн эмес. Канчоронун ичине кек сактап калуусу башка варианттарда Семетейдин Толтойдун атын соогатка сураганда чылбырды Күлчоро тарапка үйрө ыргытып коюусунан чыгат. Ал эми бул вариантта ушул эле мотив сакталат да Семетей тарабынан Канчоро мындан сырткары дагы эки жолу кагуу жейт.
Башка варианттардагыдай эле Семетей Канчоронун азгыруусу менен күмбөзгө келип жарадар болот. Күлчоро Семетейди үңкүргө алып барып жашырат да Кумайык менен Акшумкарга табыштап, өзү Канчоро, Кыястын колу менен кармашып жарадар болуп колго түшөт.
Семетейдин ордосу таланып, Айчүрөккө Кыяс нике кыйдырып, барымтага жана аларга кошуп Күлчорону алып кетүүсү менен «Семетей» эпосу аяктайт.
Үчилтиктин «Сейтек» бөлүмү деле жалпы салттык өзөк окуяларды ичине камтыган. Башка манасчыларда кездешүүчү Айчүрөктүн колго түшүп, Кыяска кетиши, Сейтектин төрөлүшү жана бойго жетип, Күлчорого жолугушу, өз эл, жери жөнүндө угушу, душмандан өч алуу, ата мекенине кайрылып келүү сыяктуу урунттуу эпизоддорду учуратабыз.
Жогоруда аталган урунттуу эпизоддор бардык манасчыларда салттык түрдө айтылса да ар бир манасчыда окуялардын мотивдештирилиши ар башка аспектиде ачылган. Бирок, мунусуна карабастан сюжеттин конструкциясы бузулбай, мазмунга өзгөртүү киргизилбестен калыбында калган. Манасчылардын таалим алуу мектебине жараша ар башка трактовкалоо, мотивдештирүү, окуяларды өөрчүтүү жолдору ар кыл экендигин көрүүгө болот. М-тин айтуусунда «Сейтек» эпосунун мазмунунда негизинен элдик турмуш кенен сүрөттөөгө алынган. Кандуу кагылыш, баатырлардын кармашы, курч ситуациялык окуялар дээрлик жокко эсе. Бул эпосто деле башка манасчыларда баяндалгандай Күлчоронун көргөн кордугу, кыйналуусу кеңири планда баяндалып сүрөттөлөт. Сейтектин төрөлүшү, ага карата Кыястын жүргүзгөн терс ойлору, Айчүрөктүн аракеттери, жана башкалар жөнүндөгү белгилүү окуялар камтылган. Мамбет Чокморовдун вариантында «Семетей» менен «Сейтек» эпостору толугу менен жазылып алынган.
К. Кырбашев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
МАМБЕТ — кейипкер. Кыргыздын уруу башчыларынын бири. Эпосто уруулар арасында болгон жыйындарга, кеңештерге катышат (Сагымбай Орозбаков, 3. 58, 71, 76).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу (1897, азыркы Ак-Суу району, Кайырма-Арык айылы —1969, ошол эле жер) — манасчы.


М. бала кезинен жомокторду, элдик санжыраларды, уламыштарды берилип уга турган. Айылдагы жаштардын көңүл ачкан «Кыз оюну», «Селкинчек» өңдүү оюн-зооктордон калчу эмес. Өзү да ыр чыгарып, оюн-тамаша куруп, жаштардын арасында жамактатып ырдап жүрөт. Бара-бара ал өз айлында ырчы аталып кетет. М. жаш кезинен «Манаска» абдан кызыккан. 16 —17 жаш чамаларында Көл башындагы жомокчу Чоюке айлына келип, кыштап «Манас» айтат. Анын айтуусунда эпосту бир канча жолу угуп, чыгарманын негизги окуяларын, белгилүү сюжеттик мотивдерди, поэтикалык жалпы орундарды үйрөнүп, таалим алат. Мына ошондон тартып М. «Манас», «Семетей» бөлүмдөрүнөн үйрөнгөн эпизоддорун эл алдында айта баштайт. Улам башка чоң манасчыларга жолугуп, билгенин толуктап, өркүндөтүп турган. М. жашаган айылга кошуна айылда чоң жомокчу Назар жашап өткөн. Анын уулу Жүгөрү да «Манас» үчилтигин толук айткан жомокчу болгон. М. Жүгөрү менен көпкө бир жүрүп, анын айткан «Манасын» угуп, өзүнүн билгендерин толуктаган. Мындан башка М. Улуу-Тоолук (Тянь-Шандык) манасчы Шапак Рысменде уулунун да «Манас» айтканын бир нече жолу угуп, айта билүүнүн чеберчилигин үйрөнгөн. Бардык манасчылар сыяктуу эле М. да өзүндөгү айтуучулук шыктын жаралышын кандайдыр бир сырткары күчтүн колдоосу, башкача айтканда түш көрүү салты менен байланыштырат. М. коллективдештирүү мезгилинде жер коом шериктигине жана алгачкы артелге өзү баштап кирген. Колхоздо иштеп жүргөндө, айылдык шайырлар менен бирге эмгек талаасында колхозчуларга эс алуу учурунда «Манас» айтып көңүл ачкан. Кийин Караколдогу өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышып, райондун аймагын кыдырып, элге «Манас» айтат. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышат. Ал ошол жылдан тартып Ысык-Көл облусунун драма театрында артист болуп 1944-жылга чейин иштейт. Ден соолугуна байланыштуу ал артистикти таштап, өз айлында жашап, өмүрүнүн акырына чейин эпосту дайыма чыгармачылык менен өнүктүрүп айтып келген.
М. манасчыдан «Манасты» жазып алуу иши алтымышынчы (1962, 1967) жылдары башталган. Эпостун «Манас» бөлүмүнөн: Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы, Алмамбеттин аңгемеси, Коңурбайдын чабуулу (Чоң казат), Манастын өлүмү деген эпизоддор жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 231 — 234-инв.). Аталган эпизоддордун мазмуну төмөнкүчө баяндалат: Эпостун бардык варианттарында айтылган туруктуу салттык чоң эпизоддун бири «Манастын Каныкейге үйлөнүшү» эпизоду М-нын вариантынан да орун алган. Эпизоддо Манастын Каныкейге үйлөнүшү жана Манастын кыз Сайкал менен беттешкени деген белгилүү эки сюжет бириктирилип берилген. Манастын Каныкейди алышы белгилүү сюжеттердин бири катары кыска түрдө баяндалат. Окуянын башталышында эле Чубак жөнүндөгү баян кыска берилет. Эрдигине чиренген Чубак баатыр Каракандын шаарына барып, Каныкей менен жекеме-жеке сайышып жеңише албайт. Эңишке түшүп Чубак алдырып коё турган болгондо качып жөнөйт. Артынан кууп келаткан Каныкей, ууда жүргөн Манас менен Бакайды көрүп сынайт: «Ичи көлдөн кең экен, Телегейи тең экен, Шай колдогон эр экен» (Кол жазмалар фондусу, 231инв., З-б.), — деп Манас купулуна толот. Каныкей кайра тартат. Манас намазын окуп болуп, Кара-Зоонун түбүнөн балта жутар көк жору тууп кеткен күчүк таап алат. Аны бага турган ылайыктуу ургаачы жалгыз Каныкей болгондуктан, ага күчүктү багып берсин деп Кыргылчалдан берип жиберет. Кийинки жылы Манас күйөөлөп барганда, көп азап менен багып чоңойткон күчүк Суртайган болуп, кыздар оюн куруп жатканда коломтодогу сөксөөлдүн чогуна куйругун чаап алат. Колуктусун алганы келген Манас баатыр Кумайыктын куйругунун учу күйүп калганын көрүп «Күчүктү жакшы бакпаптыр Кызыңда албаймын», — (Кол жазмалар фондусу, 231 -инв., 5-б.) деп айтып каарданат. Баатырдын күйөөлөп барышы, колуктусунун болочокку кайнатасынын оор тапшырмаларын аткарышы жана кыз-күйөөнүн ортосундагы чатак жөнүндөгү көрүнүштөр жөө жомоктук, эпикалык «даяр» сюжеттерден. Бул сюжеттердин теги баатырдык үйлөнүү темасы менен байланышып, улам кийинки доорлорго ылайык өзгөрүүгө дуушар болгон. Башка элдердин эпосторунун эпикалык баатырлары сыяктуу эле Манас да бир нече аял алгандыгы жөнүндө өзүнчө поэтикалык окуялар баяндалат. Эпостун негизги варианттарында Манас калмак каны Кайыпдаң кызы Карабөрккө, Ооган каны Шооруктун кызы Акылайга үйлөнгөндүгү жөнүндөгү эпизоддор салттык түрдө айтылат. Бирок бул экөө баатырдын чыныгы аялдары эмес. Манаска багышталган, «маңдайына жазылган» аял башка. Ал — Каныкей. Өзүнө жакын Саякбай Карала уулунун варианты сыяктуу эле Мененын айтуусунда да Манас Каныкейди албай кетип калат. «Алты жыл салбар кылганда, албаймын деп калганда» Бакайдын арага түшүшү менен окуя аяктайт. Ага улай Шооруктун кызы Акылай төрөбөй койду, нойгуттун каны Карачанын кызы Сайкалды аялдыкка аламын деп Манас оолугуп, Бакай, Чубак жана Сыргак, Серек эгиз эрди ээрчитип кыз Сайкалга аттанат.
Мыкты болсо Манасың
Бир сайыш менен чабышта
Тие турган мен эмес
Ала койчу ал эмес (Кол жазмалар фондусу, 231-инв., 6-б.),
— деп Сайкал жекеме-жеке беттешүүдө Бакай менен Чубакты жеңет. Эр сайышта эки чыгаан баатырын ат үстүнөн сайып түшүргөн кыз Сайкалга каршы Манас өзү чыгат. Экөөнүн беттешүүсү намыс талашуу, өз беделин коргоо мүнөзүндө болот да, Манастын ээрден арты кылтайып, үзөнгүдөн бут тайып, атынан оой баштаганын көргөн Алмамбет баатыр туурадан кирип, ортого жетип, Манасты куткарып калат. Кайра бир беттешүүдө жеңилген Сайкал «О дүйнөлүк» жар болууга убадасын берет. «Манас» эпосунун варианттарынын көбүндө бул сюжет өз алдынча вариациялары менен кездешет.
Кыргыз элиндеги адамдын дүйнөдөн кайтышына жана аны жерге коюуга байланышкан салттык расмилер М-дан жазылып алынган Көкөтөйдүн ашында кеңири сүрөттөлөт. Поэтикалык жактан күчтүү сүрөттөлгөн окуянын киришүү бөлүмүндө Көкөтөйдүн образы жагымдуу сүрөттөлөт. Көкөтөй көп жашаган, көптү көргөн, жыргалчылыкты жана кыйынчылыкты эл менен бирге тарткан акылман карыя катарында көрсөтүлөт. Карыганча балалуу болбой жүргөн Көкөтөй бай жоголгон кызыл нарын издеп жүрүп үйдөй болгон кызыл таштын түбүндө чөгүп жаткан нарынын оң өркөчүнүн түбүнөн ымыркай бала таап алат. Ал жөнүндө эпосто:
Билгендери айтчу эле
Нурдан бүткөн бала деп,
Билбегендер айтчу эле
Айсалкын өзү тууп алды деп (Кол жазмалар фондусу, 231инв., 19-б.)
— чоң той берип, баланын аты Бокмурун коюлат. Эселек уулу эр жетип, он экиге толгондо Көкөтөй ооруп, өлөр алдында мурасчысы Бокмурунга керээзин айтат: Мекедеги Акешенди, Кошойду чакыр, зыйнатыма турсун. Энеңдин тилин ал, Кошой менен энеңдин айтканына макул бол деп, Көкөтөй көз жумат. Анын жылдык чоң ашын берүү үчүн Бокмурун Ташкенден Каркырага көчүп, ашка ар түрдүү элди чакырат. Ашка келген кытай-калмак улуктарынын ичинен Нескара каапыр менен мусулмандын алптарын сынашы, Манастын жоктугунан пайдаланып Мааникер тулпарды тартууга бер деп Бокмурунга кыр көрсөтүп опузалашы, эси чыккан Бокмурундун ашты башкарган Кошой олуяга келип акылдашканы, Кошойдун кеңеши боюнча Таластан Манас ашка чакыртылып келиши, Мааникерди душман тарапка бердирбей коюшу Саякбай Каралаевдин варианты на жакын планда сүрөттөлөт. Айырмачылыгы «Манасыңды чакыртпайм, Манасың качан киши эле Манасың жок аш берем» (Кол жазмалар фондусу, 231 инв., 17-б.),— деп Бокмурун Кошойдун айтканына көнбөй, энеси Айсалкындын кийлигишүүсү аркылуу макул болгонунан көрүнөт. Манаска мындай кекирейүүгө Бокмурундун байдын дөөлөт мас баласы болушу түрткү болот.
Аштын аземи башталат. Баатырлык кара күч, эрдик, аткычтык, айлакердиктерин сынашууга эпостун негизги каармандары — кыргыздар тарабынан Манастын өзү, анын атактуу чоролору — Кошой, Алмамбет, Бакай, Чубак, Сыргак жана башкалар катышса, экинчи тараптан алар менен эрегишип жүргөн эзелки баатыр жоолор — Коңурбай, Жолой, Нескаралар жана башкалар чыгат. Жар чакырылып, байгеси жарыяланып, чабыла турган аттар айдалат. Аттар келгиче, эл зерикпесин деп мелдештин башка түрлөрү ирети менен жарыяланат. Эр сайышка Коңурбай чыгат. Аккуланы ат чабышка кошуп жиберген Манас сайышка минип чыгууга ылайыктуу ат издеп турганда Айсарала ат минген, сары рапыс тон кийген Алмамбет баатыр келип, баштатан кеги бар ал Коңурбайга каршы сайышка чыгууга суранат. Манас баатыр: «Алакандай буруттан Адам чыкпай калды деп, Бизден кеткен качкын кул Алмамбетти салды деп Күбүр кылып калбайбы» (Кол жазмалар фондусу, 231 инв., 10-б.),— деп намыстанып Калкамандын Кара атын минип, Сарала тулпарды бош коштоп чыгып, сайышка түшөт. Нескара менен Кошой алп баатырларга калыс болуп турушат. Манас Коңурбайды аттан түшүрө сайып өлтүрөрдө «кыргыздын колу аз» деп Кошой токтотот. Балбан күрөшкө чыккан Жолой дөөгө каршы барууга кыргыз, аларга канаатташ, максатташ жашаган казак, өзбек жана башкалар ашка келген түрк элдеринин белгилүү баатыр, балбандар баш тартканда, Манастын өтүнүчү боюнча Кошой алп өзү чыкмак болот. Кийүүгө ылайыктуу кандагай, Каныкей атайылап даярдаган шымды кийген Кошой «эркек балалуу бол!» — деп бата берет. Кошой бата бергенде аны менен кошо ал жерде чогулган мусулмандарга кошулуп каапырлар да бата кылат (Семетей ошол батадан бүткөн бала делет). Узакка созулган күрөштө Жолойду жыгып, Кошой намыс алат. Экинчи жолку күрөштө кытайлардын түктүү таман Түкүбай балбанын чыканактай эр Агыш ташка чаап өлтүрөт. Төө чечмейге каңгайлардын Ороңгусу чыгып тиешелүү байгени алды. Жамбы атууда каапыр менен мусулмандын ичинен эч кими ата албай койгондо Сыргак атып түшүрүп согуш өнөрүнө маштыгын көрсөтөт. Улак тартыштын байгесин эки тарап бөлүп алат. Чоң байге сайылган тулпарлар жарышында Манастын Аккуласы менен Жолойдун Суркуласы тең келе жатканда Алмамбет баатыр Аккуланы сүрөөнгө алып, ал чыгып келет. Өзүлөрү катышкан салттык мелдештерде жеңилип, байгенин көбүн алдырып ыза болгон Коңурбай, Жолой баш болгон калмак, манжулар «Суркула чыгар мезгилде кылганын эми көрдүңбү» деп көптүгүнө салып байгени талап киришет. Үтүрөңдөп тил кайырган Жолойду Манас булдурсун менен төбөгө тартып жибергенде, жаагы айрылып кеткенин көргөн Коңурбай жана башкалар калмак, манжуулуктары ичине кек сактап кетишет.
Негизги варианттын бири эсептелген Саякбай Каралаевдин варианты нда Алмамбеттин окуясы чоң казатка аттанган жолдогу «Тал-Чокуда» анын өз сөзү аркылуу кеңири айтылса, Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында Көкөтөйдүн ашына улай Алмамбеттин аңгемеси өзүнүн монологу аркылуу кыска түрдө баяндалат. Алмамбеттин өмүр таржымалы анын Бээжинден качып чыгып Көкчөгө келгенге чейинки окуялары Саякбай Каралаевдин варианты на окшош мотивде берилет. Анткени Ысык-Көл мектебинин өкүлдөрү болгон эки манасчы эпостогу салттык туруктуу чоң эпизод — Алмамбеттин баянынын бирдей мазмундагы негизин өзгөртпөстөн, өздөрүнүн айтуучулук чеберчилигине жараша поэтикалык салымын кошконун, кемиткенин байкоого болот. Саякбай Каралаевдин варианты нда Алмамбеттин Көкчөгө келип турушу, андан кетишинин себеби, Манаска кандайча, кимдин кеңеши боюнча келгени деталдаштырылып сүрөттөлсө, Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында бул мотивдер эскерилбейт да, окуянын кийинки сюжеттик жүйөлөнүшүндө өзүнчө өзгөчөлүктөрү менен башкача аспекте мотивделген айырмачылык бар. Маселен:
Алтайдын канын өлтүрүп
Шаңгай кирди деп уктум,
Шаңгайдын канын өлтүрүп
Каңгай кирди деп уктум,
Сары-Аркада Көкчөгө
Келгениң алты жыл болду деп уктум.
Карадан туулуп, ак болуп,
Калмактан качып жат болуп
Көрбөсөк да билбесек
Алтын айдар, чак белбоо
Кол алышып коёлу
О, Алмамбет аманбы? (Кол жазмалар фондусу, 231-инв., 9-б.),
— деп Манас өзүнө тете Алмамбет баатыр менен табышып таанышканы күбө. Ал эми Алмамбет өзүнүн кытайдан биротоло кетишинин себептерин уккан Каныкей менен Бакайдын өтүнүчү боюнча аларды Манаска айтпас үчүн ант кылышы жана Манастын таарынычынан улам Бээжиндин укмуштай чеп экени, душман чек арасын кайтарган сакчылардын бар экени негизинен Саякбай Каралаевдин варианты на жакын айтылат.
Манас, Манас болуп Таласта турганда кырк чоро кезектешип, кароолго жарым айдан барчу экен. Чубакка кезек келип, жер чалып чыгып Коңурбайдын көп кол менен келе жатканын көрөт. Калмактардын чалгынчыларынан экөөнү өлтүрүп, аттарын бош коштоп айылга келет. Чубактын эл арасында эрдиги менен кадыр-баркка ээ болушуна Манастын чоролорунун ичтери күйөт. Чоролор Манас өзү кадырлаган Чубакты эч себепсиз жөн эле кетирип жибербесин билишет. Ошондуктан «Манасты Чубак билди деп, Каныкей менен ойнош деп Ынандырып алалык» (Кол жазмалар фондусу, 232-инв., 61-б.) деген бүтүмгө токтошуп турганда Каныкейдикине Чубак келип кымыздан тартылган арак ичип кызып калган учурда Манас келет. Ушундай ыңгайлуу абалдан пайдаланып Кыргылчал Манаска Чубакты жамандап ортолоруна чагым салат. Ала көөдөң Манас ак, караны аныктабай туруп эле Чубакты жектейт. Манастын мындай мамилеси чоролоруна да таасирин тийгизет, аларга жага бербей калат. Чоролорго сабатып, ызаланткан Манаска таарынып Чубак көчүп кетет. Манас Каныкейди салбар кылып таштап, Акылайга барат.
Чубактын тарынып кетиши, Манастын Чубак менен Каныкей көңүлү жакын деп күнөм санашы Саякбай Карала уулу менен Багыш Сазан уулунун варианттарына жакын берилет. Бирок М-нын вариантында бир аз айырма бар. Анын айтуусу боюнча Чубак Коңурбайга кат жазат. Манас ооруп, төшөктө жатат, Алмамбет улак тартышып жүрүп колун кокустатып алды деген каттагы маалыматтан улам, Коңурбай көп кол менен Манаска каршы аттанып келип Таласты камайт. Баскынчы Коңурбай Манастан Аккула, Аколпок жана Каныкейди тартууга берүүнү талап кылат. Кыргыздар амалдуу акыл ойлошуп: «Урушту жети күнгө токтото туралы, кеңешели, эл макул болсо сенин тартууңду берели» — деген жообун берет. Согушту токтотууга Коңурбай макул болот. Бакай Каныкейди Чубакка жиберет. Эпосто Чубакты ээрчип Манастын куту, башкача айтканда колдоочулары кошо кеткендей сүрөттөлөт. Бирок Каныкей бараары менен Манастын колдоочулары ээсинин курчоодо калганын сезип, «Манас бир өлмөктөн үч өлсүн деп кекээрдеп турган Чубакты таштап жөнөшөт:
Манасты колдогон кырк чилтен
Кайра тартып калыптыр.
Адырдан чыгып ак кулжа
А да кетип баратат,
Кара чаар арстан
Тилин салып акактап
Капталдап ал да кетип баратат,
Боору кара, сырты көк
Боз ала туйгун ителги
Кайра учуп баратат (Кол жазмалар фондусу, 232-инв., 76-б.).

Каныкейден чочулаган Чубак Таласка келип, душмандарга каршы жеке салгылашат. Мындан кийинки эки тараптын негизги баатырлары катышкан жалпы уруш сүрөттөлөт. Беш-Таштын башы жайлоодон аскери менен Алмамбет келет. Салгылашта колго түшкөн Манастын карындашы Карлыгачты куткарат. Баскынчы душмандар чегинип, качат.
Манасчы М-дан «Манас» эпосунун согуштук эпизоддорунун эң негизгиси болгон «Чоң казат» эпизоду жазылып алына баштаган. Бирок, эпостун соңку окуялары Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында кеңири планда деталдаштырылып берилбестен, сомологон түрдө жондотуп айтылган мүнөздө: Манас баатырдын амалдуу Коңурбайдан жарадар болушу, чоролордун жана Аккуланын окко учушу, согуш бүтүп, Манас жерине кайтып келип курман болгон баатырларды катуу кайгырып угузуп, кан кусканы, оорусу күчөп, оңолбосун сезип, Кошой, Айкожо, Сайкал, Көкбөрүгө кабар бер деп керээз айтышы, Каныкей Тайбуурулду мингизип Ажыбайды кабарга жибериши, чакырылган адамдар менен коштошуп Манастын көз жумушу, Каныкей Эчкилинин Кара-Зоого күмбөз салдырып сөөгүн коюшу Саякбай Каралаевдин варианты на жакын баяндалат.
Жомоктун биринчи бөлүгүнө караганда анын экинчи бөлүгү — «Семетей» эпосунун сюжеттик системасы жыйынтыктуураак, тыканыраак болуп, бири-бирине уланып, тыгыз байланышкан түрдө баяндалат. Эпостун сюжетин андагы окуялардын мүнөзүнө жана сюжеттик сызыктын багытына ылайык бир нече топко бөлүүгө болот: 1) жетим калган Семетейди өлүмдөн сактоо үчүн Букарга алып качуу, 2) Семетейдин балалык чагынын Букарда өтүшү жана өз атасын, эли-жерин билиши, 3) Семетейдин Таласка келиши, 4) өз туугандары менен талаш-тартыштары жана кагылыштары, 5) Айчүрөктүн учушу жана ага Семетейдин үйлөнүшү, 6) Семетейдин Коңурбай менен согушу, 7) Семетейдин өлүшү сыяктуу элге кеңири белгилүү окуялар толук сакталган. «Семетей» варианттарына таандык салт боюнча мында да болочокку баатырдын жаш кезиндеги өмүрү толгон коркунучтарга дуушар болот: акылман Каныкей балтыр бешик Семетейди корголотуп Абыке, Көбөштөрдөн алып качат. Букарга бара жаткан жолдо кыйынчылыктарга учурашат. Азыгы жок ач болуп, шайы кеткен «качкындар» дөбөгө суй жыгылып жатканда көктө учуп жүрг.өн жору түшүрүп жиберген өпкөнү Каныкей Семетейге бышырып жедирет жана ак марал эмчегин эмизет. Ал маралдын сүтү жеке эле Семетейди тойгузбастан, анын энеси менен чоң энесине да азык болуп күч-кубат берет. Бул эпизоддо болочок баатырдын башына кыйынчылык келгенде «колдоо көрсөтүп, жардам берген маралдын элеси аркылуу элдин байыркы тотемдик түшүнүгүнүн калдыгы берилген. Качкындарды издеп тапкан армандуу Бакай олжого түшкөн Бозжоргону Чыйырды, Тайбуурулду Каныкей минип, жол азык алышып, Үрбүс деген дайрадан өтүп Букарга жакындашат. Ит агытып, куш салып сейилдеп чыккан Ысмайылга жолугушат. Бакай Букарга келишинин себебин түшүндүрөт. Баш калкалап качырып келген Семетейдин тагдыры, келечеги үчүн кам көрүп, аны Ысмайылга тапшырып, он экиге толгондо өзүмө көрсөткүн деп Бакай аманат сөзүн айтып кайра Таласка кайтат. Семетей эр жеткенде Букардан Таласка көчүп келет.
Семетейдин балалык чагы таятасыныкында өтөт. Семетей сыяктуу атасынан эрте жетим калган бала таятасыныкында тарбиялануу, атасынын кимдигин кийин башка бирөөдөн угуп келип, энесинен кыстап суроо жана акыры чындыкты билип, эли-жерин издеп чыгуу көптөгөн элдердин эпосторунда, жөө жомокторунда салттык мотивдерден. Ошондой эле эпостук салт боюнча болочокку баатыр бала күнүндө өтө тентек болуп өсүшү да эпосто атайын белгиленип көрсөтүлгөн. Он экиге толгондо:
Баланы карап олтурсаң
Кадимки өткөн Манастай,
Айдыңы бар Таластай,
Ага арбак конгон Манастай (Кол жазмалар фондусу, 233инв., 121-б.)
болгон Семетейдин тентектигин койдуруу үчүн таятасы аны өз ордуна кан шайлайт. Ушул тойдогу Каныкейдин Тайторуну чапканы болочокку баатырдын тагдырын сыноонун дагы бир түрү жана төлгөгө чабылган ал ат чыгып келгендиги аркылуу жеке эле Семетейдин өзгөчө баатыр болору алдын ала эскертилбестен, анын балалык доорунун бүтүшүнүн да далили. Бул эпизод аркылуу баатыр өсүп эр жетти, күчкө толду, өз эл-жерин табууга убакыт жетти деген түшүнүк берилет.
Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында да жетим өскөн Семетейге ата-тегинин жайын айткан Сарытаз ага жөн-жай кабарлабайт, баланын намысына тийип, баатырдык сезимин козгоп сүйлөйт. Сарытаздын сөзү аркылуу эркек бала сөзсүз атасынын өчүн алуусу керек, атасынын уруусунан башка урууда, жерде жүргөн бала кимдигине, жеке сапатына карабастан кул, энесинин уруусу балага таята, таяке катары эсептелет деген эпос чагылдырган доордун түшүнүк идеалдарынын негизинде берилген.
Энесинен өзүнүн чыныгы тек жайынын ким экендигин аныктап билгенден кийин Семетей элин издеп жөнөйт. Бул сюжет «Каныкейдин жомогу» эпизодунда берилет. Болочокку баатырдын өз жерине, тууган элине келиши да толгон жышаандар менен байланышкан. Семетейди эл карысы Бакай баш болуп, Манастын Суртайган, Акшумкар, Желмаянына чейин зор кубаныч менен тосушат. Бул зооморфтук образдар аркылуу Манастын ордун баса турган, ага тете эл башчы баатыры келди, элдин самаганы орундалды, күткөн тилегине жетти деген ой берилген. Атасынын ордун басуудагы Семетейдин укугун анын туугандары турмак душмандары да тана алышпайт.
Семетей баатырдын өз туугандары — чоң ата менен неберенин, ага менен ининин ортосунда болгон талаш-тартышы кеңири сүрөттөлөт. Тууган жеринде Жакып баш болгон өз туугандары анын атасынан калган курал-жарактарды берүүдөн баш тартышып ар түрдүү кастыктар иштешет. Чоң атасы Жакып бозого уу кошуп берип небересин өлтүрмөк болот. Ички душмандык иштерди Семетейдин аталаш туугандары Абыке, Көбөштөрдөн да көрөт. Алар бийликке зордук менен жеткендиктен андан ажырагысы келишпейт, элдин ыркын бузуп, Семетейдин күч-кубатын кетирүү максатында Манастан калган чоролорду баатырга каршы тукурушат. Чынында Семетейдин баатыр катарындагы биринчи кадамы да сырттан келген душмандарга эмес, өз туугандарына каршы күрөшүүдөн башталат. Семетей туугандарына каршы күрөштү Көбөштөн баштайт, аны жана чыккынчылык кылган кырк чорону жайлайт. Ошон үчүн Жакып менен Абыке, Көбөштөрдүн Семетейден жазаланышы элдик көз караш, түшүнүккө туура келип, адилеттиктин жеңиши катарында кубатталат.
Эпосто Семетей эки жолу үйлөнгөн болуп сүрөттөлөт. Анын биринчи аялы — Чачыкей. Ага үйлөнүү кыргыз элинде эскиден бери келе жаткан белгилүү салтка байланыштуу түшүндүрүлөт. Саякбай Каралаевдин варианты нда Чачыкейди Семетейге Темиркан таятасы алып берсе, Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында Темиркандын иниси Шаатемирге Бакай куда түшүп кызы Чачыкейге Семетейди үйлөндүрөт. Бирок Чачыкей баатырга ылайыктуу жар эмес. Эпостук байыркы салттын таламдарына ылайык Семетейдин өзү үчүн жаралган, маңдайына жазылган өмүрлүк жары бар. Ал — Айчүрөк. «Семетейдеги» андан кийинки окуя жомоктук-фантастикалык элементтер менен шөкөттөлгөн лирикалык-романтикалык мүнөзгө ээ баатырдык үйлөнүү тематикасына байланышкан.
Семетей менен Айчүрөк өзүлөрү төрөлө электе аталары Манас менен Акункан бел куда болушкан. Бул эпостогу эң байыркы көрүнүшкө ылайык Манас уулдуу, Акункан кыздуу болуп, Көкөтөйдүн ашында батадан бүткөн баланын аты Семетей, кыздын аты Айчүрөк коюлат. Кудалашып койгон Айчүрөктү күч менен тартып алмакчы болуп, Манастын кыйыр тууганы Чынкожо жана жедигер элинин баатыры Толтой биргелешип кол курап келип, кыздын атасы Акункандын шаарын камайт. Кысымчылыкта турган элин куткаруу үчүн Айчүрөк болочокку жары Семетейди издеп, аккуу кебин кийип учуп жөнөйт. Нечен сонун жерлерди, ар түрдүү элдердин нечен алп баатырларын көрүп, аларды сынайт, бирок Таласка эч бир жер, Семетейге эч бир алп-баатыр тең келбейт. Айчүрөктүн учуп жүрүп ар кайсы баатырларды сындап өтүшү, Чачыкей менен жолугушу, акыры Семетей экөөнүн ортосундагы жакындык сезимдин берилиши эпоско лирикалык мүнөз берип турат. Семетейди ээрчитүү максатын көздөп, куш салып сейилдеп жүргөн кезинде анын шумкарын алып качат. Шумкардын жоголушунун дайынын билген Семетей эки чоросун алып, Айчүрөк менен таанышып, эли Чынкожо, Толтой тарабынан чабылганы жаткан Акункандын калаасына келип, Айчүрөктүн элин коргоо үчүн урушка кирет. Семетей, Күлчоро, Канчоронун эрдиги, айлакерлиги кең түрдө берилген согуштук сүрөттөр менен көрсөтүлөт. Ээликкен душман жеңилет, Семетей Айчүрөккө үйлөнүп, той-тамаша өткөрүлөт. Семетейдин Чынкожо, Толтойду жеңип, Айчүрөккө үйлөнүшү башка варианттарга көп жагынан жакын, үндөш окуя катары сүрөттөлөт.
Семетей элине келгенден кийин ынтымагы ыдырап, урууларга бөлүнгөн элдин башын кошуп, тынч турмушту калыбына келтирет да, атасы Манастын ала албай кеткен өчүн, кегин кууп алуу жөнүндө кыялданат. Бакай менен кеңешип, Коңурбайга каршы аттанат. Жоо жерине бараткандагы жүрүш, жол, чалгын, кароолчу жандыктар жана уруш көрүнүштөрү эпостун биринчи бөлүгүнө бир топ окшоштугуна карабастан, өзүнчө стиль, ык менен кызык сүрөттөлөт. Бул урушта Семетей жарадар болот, денесине токтоп калган окту Айчүрөк аял затынан артыкча сапаты, касиеттүүлүгү аркылуу түшүрүп, айыктырат. Коңурбай келгендерден ок жаңылган Семетейди бирде өлдү деген кеп укса, бирде жок өлө элек деген ушак-айың кеп угуп, аны чаап алмакчы болуп тымызын келип Таласты камайт. Согушта колго түшкөн Коңурбай кутулбасын билип, Семетейди алдап достошуп бир жолу ажалдан аман калат. Ага алдатканына Семетей өзү да, Бакай, Күлчоро да абдан кейийт. Бирок кийинки жолку бүт эл катышкан урушта эзелки каардуу жоо Коңурбай Күлчоро тарабынан башы кыя чабылып, ажал табат.
Кыргыз элине тынчтык бербеген Коңурбай баш болгон сырткы баскынчы жоолор жеңилип, эл бир азга тынчыйт. Ал эми мурунку окуяларда, күндөлүк турмушта өзүнүн арамзалыгын, кыйдылыгын, мансапкорлугун, дүнүйөкорлугун билгизбей тымызын жүргөн эки жүздүү Канчоро эми сырын сыртына чыгара баштайт. Ал эр Толтойдун баласы Кыяс менен байланышып, Семетейди өлтүрүүнүн тымызын планын түзөт. Бул план боюнча Манастын доорундагы Чоң казатта окко учкан атасы Көкчөнүн кунун кууп келип Семетейден каза тапкан Үмөтөйдүн (Каныкейдин сиңдиси Акеркечтин баласы, Семетейдин бөлөсү), кунуна Тайбуурул тулпарды тартууга бердирет. Тулпардан айрылган Семетей атасы Манастын күмбөзүнө сыйынууга барганда, ошол жерде Кыястын жашырынып жаткан көп колу чабуул коюп, Канчоронун катышуусу менен Семетей катуу жарадар болуп өлөт. Семетейге чын дили менен адал кызмат кылган Күлчоро өлгөн Семетейдин денесин кайыпчынын кара үңкүргө алып барып катат. Урушта колго түшкөн Күлчоронун далысынын кечирин кестирип Кыяс жылкычыларына кул кылат.
«Семетей» эпосунун идеялык мазмуну тууган жерди, элди сырткы баскынчы жоолордон гана эмес, эл ичинен чыккан ички чыккынчы, мансапкор, дүйнөкор арамзалардан сактоого арналган жана эркиндик, сүйүү темасына да чоң маани берилген.
Эпостун үчүнчү бөлүгү «Сейтек» поэмасындагы окуялар экинчи бөлүктүн уландысы, андан ары өнүктүрүлүшү катарында баяндалат. Бөлүмдүн окуяларын мүнөзү жактан эки топко бөлүүгө болот: элдик кайгыны, оор азапты баяндаган бөлүм. Буга Семетейдин өлүмүнөн тартып, Сейтек эр жеткенге чейинки окуяларды бүт киргизүүгө болот. Кыянатчыл оюн ишке ашырган Кыяс боюнда үч айлык бала менен жесир калган Айчүрөктү, оң далысы кесилген Күлчорону туткунга алып кетет. Чыккынчы Канчоро Чачыкейге үйлөнүп, бийликти колуна алып, оюна келген өкүмүн чыгарып, элди кыйнап эзген бийлик ээси болуп калат.
Кыяс олжолоп алып кеткен Айчүрөктү болбогонуна карабастан, өзүнө нике кыйдырат, Күлчорону отунчу кулга айландырат. Сейтек төрөлгөндө Кыяс аны өлтүрмөкчү болот, бирок Айчүрөктүн эрдигинен жана кереметтүүлүгүнөн коркуп оюн ишке ашыра албайт. Өгөй атанын колунда тарбияланган Сейтек өзүнүн чыныгы ата-теги, тууган эли, атасынын достору жана душмандары жөнүндө чындыкты Күлчородон угат. Бул бөлүмдө далысынын кечири кесилип, отунчу кулга айланган Күлчоронун муңу, Каныкейдин зары, Айчүрөктүн арманы сыяктуу таасирдүү эпизоддор сүрөттөлөт. Баатыр өскөн жаш бала биринчи кезекте атасынын кеңешчиси Күлчорону кулдуктан куткарат. Чоң атасы Манастын досу Кызылсарт табыптан айыккан Күлчоро кадимкидей баатырдык күчкө толуп, Сейтекке кошулуп Кыясты өлтүрүп, Таласка келет. Торпок кайтарган аянычтуу абалдагы чоң энеси Каныкейге жолугат.
Каардуу Канчоро кандын эзүүсүндө жаткан эл көптөн эңсеп күткөн баатырлары келгенде, аларга бүт көтөрүлүп жардам берип, Канчоронун кандуу бийлигинен кутулуп, Сейтекти башчы кылып, тынчтык турмушка жетишет. М-нын айтуусунда да сырткы жоолордон кем түшпөгөн ички душмандар менен күрөшүүдө бүт элдин, эл сүйгөн баатырлардын көргөн кордугу, тагдырынын трагедиясы ишенимдүү реалдуу түрдө сүрөттөлгөн. Ошондой эле Коңурбайдын уулу Музкөөкөр жана Бозкертикти жеңип, сырткы баскынчы эң акыркы жоолорду талкалап, элдин эзүүсү жок эркиндик заманга жетүүсү менен эпостун «Сейтек» бөлүгү аяктайт.
Манасчы М-нын айтуусундагы үчилтиктин ар бир бөлүмү Саякбай Каралаевдин варианты на көп жагынан жакын. Бирок айрым сюжеттик жүйөлүштөрү өзүнчө өзгөчөлөнүп айтылгандык да учурайт. Ал Алмамбет баатырдын кырк чоро күтүп, кытайдан качып чыкканда артынан кууп келген Коңурбайдын колу менен урушта чоролордун кыргын болушу өңдүү айырмачылыктан көрүнөт. Ошондой эле Алмамбеттин Манаска келиши Көкөтөйдүн ашында айтылат. Мындай өзгөчөлүктөрдү үчилтиктеги каармандардын орун алышынан, көркөмдүк жагынан да учуратууга болот.
С. Алиев