Энциклопедия "Манас". ч.1.
МАМБЕТ Чокмор уулу (1896, Тоң району, Корумду деген жер —1973, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) — манасчы. М. өз вариантын жаздырып жүргөн учурунда кайсы манасчыдан кандайча таалим алгандыгын айтпай, «Манас баатырдын өзү айтмайынча же «Манасты» өз дилинде айтпаса, жаттап бүрөөдөн үйрөнүп алууга болбойт» деген.
Башка манасчылар сыяктуу эле ал да Манас баш болгон чоролордун аян берүүсүнөн, «айтасың» деп кыстаганынан кийин гана «Манас» айтып калгандыгын эскерет. 20 жашында Тастар-Ата деген жерде жүрүп, уктап калганын же талып калганын өзү билбейт. Ошондо көзүнө көк туу көтөргөн кошун көрүнөт. Алардын ичинен бөлүнүп чыккан бирөө буларды тааныйсыңбы деп опузалайт. М. тааныбастыгын айтканда бирөөнүн «найза менен сайып ташта» деген үнү угулат. Жанына келген киши: «Коркпо, Манас ушул, эми сен Манасты айтасың», — деп аттан түшө калып М-тин төшүнүн оң жагына мөөрүн басат. Ошондон кийин М. өзүнчө жалгыз жүргөн учурларында «Манасты» айта баштайт. Бирок, ага ошол учурда бирөөлөр жолугуп калса же көрсө эсинен танып жатып калчу экен. Мына ушундай абалда жүрүп, эл арасына барып айтпагандыктан, ал бир жак ыптасынан шал ооруга чалдыгат. М-тин ушул абалын байкаган таекеси Дөңүзбай аны эл арасына алып чыгып биринчи жолу бетин ачат. Ошондон тартып эл аралап «Манас» айтып калат.
М. Чокмор уулунан «Манас» үчилтигинин бөлүмдөрү («Манас», «Семетей», «Сейтек») «Манас» секторунун кызматкерлери тарабынан 1965 — 73-жылдардын аралыгында жазылып алынган. М-тин айткан вариантында «Манас» эпосундагы айтылып жүргөн салттык окуялар бүтүндөй камтылган. Окуяларды сүрөттөп берүү ыктары көпчүлүк манасчылардыкына жакын. Бирок, айрым бир окуяларды куруу, мотивдерди талкуулоо жана сүрөттөө көрүнүштөрү боюнча башка варианттардан мүнөздүү айырмачылыкка ээ. Эпостун мазмуну Манастын түпкү тегин баяндоо менен ачылат. Манастын түпкү атасы башка варианттарда жолукпаган, бирок элдик уламыштын каарманы Асанкайгы болот. Анын балдарынын аттары аталып, ошол учурда кайсы кандар менен жамаатташ тургандыгы жана чачылып, айдалып кетиши жөнүндө да өзүнчө баяндалат.


Жакыптын жакын тууганы Аталыктын баласы Көзкаман бийлик талашуунун негизинде Жакыпка каршы чыгып, аны өз жеринен айдап жиберет. Жакыптын тентиши жөнүндөгү идея мотивдештирилсе да сөз эпикалык душмандар жөнүндө болбостон, ички ага туугандарынын ортосунда болгон араздашууга алып келип такайт. Мына ушундай себептердин натыйжасында Жакып аялдарынын сөзү менен өлүм жазасынан кутулуу үчүн айылын таштап качууга аргасыз болот.
Көзкамандардын өкүмүнөн кийин Жакып аялдарын ээрчитип бир топ эл-жерди кыдырып, акыры Арстанбапка келип токтоп, жер айдап, эгин эгип дыйканчылык кылат. Бул жерден ал башка жерге которулбастан акырында өз жерине кайрылып келет.
Манас башка варианттардагыдай Алтайда эмес, Арстанбап тарапта төрөлөт. Анын дүйнөгө келиши баатырлардын сыйкырдуу төрөлүшү жөнүндөгү салттык ык менен эле баяндалат. М-тин айтуусунда ичтен капкактуу түшөт. Кайыптын добушу ал капкакты жарып чыгат. Баланы караса эки колу бекем түйүлгөн. Түйүлгөн эки колунда кан болот.
Башка варианттарда Манастын балалык кези койчулуктан башталып, андан соң анын калмактар менен болгон алгачкы айкаштары эпостун лейтмотивин түзүүчү баатырдык жүрүшкө багыт берип турат. Ал эми М-те негизинен тарбиялоонун багыты башка варианттарга үндөшкөнү менен эпостун мазмунунун жүрүшү кандайдыр жомоктук мүнөздө айтылат. Манастын тентектигине жана баш бербестигине чыдабаган Жакып энеси экөөнү айдап жиберет. Таалим-тарбияны жана молдолук окууну таятасы Карачаныкында жүрүп үйрөнөт. Бирок, канчалык тарбияланса да Манастын өз билгенин бербестиги, тентектиги күчөй берет. Анын мүнөзү эрезеге жетип, чоң жортуулга чыкканда гана токтолот.
Манас таятасы Карачадан келгенден кийин кандарды издеп айылынан чыгып өзүнө чоро болуучу кандарга жолугат. Мунун ичинен Кошой менен жолугушканы кененирээк баяндалып, Кошойдон Кожонун кызы Билерик жөнүндө угат. Андан соң Манас алты пирге жолугат. Ушул сыяктуу көп жүрүштөрдөн кийин гана Манас элине келет.
Негизги варианттарда (Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Саякбай Каралаевдин варианты нда) Жаангер Кожонун же Айкожонун баласы Билерик жөнүндө кеңири пландагы баяндама берилсе, М-те Билерик Кожонун кызы болуп аталат да Кошойдун сөзүндө гана эскерилет. Демек, варианттардын бирөөндө уул бала болсо, экинчисинде кыз бала болуп, айырмачылыкка ээ.
Ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрдү МЧВнын эпизоддорунан да учуратабыз. Манастын Каныкейге үйлөнүшүндөгү башка варианттарда айтылган кыз издөө, кудалашуу, кызды алып келүү, Манастын Каныкейден жарадар болушу сыяктуу урунттуу окуялардын берилиши Мамбет Чокморовдун вариантында да толугу менен сакталган. Бирок, манасчы ушул окуяларды өөрчүтүүдө эпостун сюжетин жомоктук багыттагы мазмундун негизинде трактовкалаган. Манастын кандарды кыдырып келишинен кийин элинде болгон жыйында ага аял алып берүү жөнүндө сөз козголуп, Каракандын кызы Каныкейди алып беришмек болушат. Кыз издөөгө Жакып каршы болот. Кыз издөө, элчилик милдет Агыш, Үрбү, Жангазы, Элчибай жана Бөкөйгө тапшырылат. Алардын кыз издегени, жолдо көргөн азап-тозогу манасчы тарабынан кеңири баяндоого алынат.
Манастын башкы эпикалык душманы Алооке жөнүндөгү баян Мамбет Чокморовдун вариантында өзүнчө эпизод катарында айтылган. Алооке өзүнүн үстөмдүгүн тегерегиндеги кандарга көрсөтүп, аларды бүтүндөй каратып алат да жеңилбей дагы кайсы кандар калды дегенде Эдиге аттуу билерман жигити Манастын жөнүн айтат. Аны уккан Алооке Манастын элин камайт. Ошол учурда Манас кырк чилтендин азгыруусу менен Аккуланы минип айылынан чыгып кетет. Ортодо майда окуялар баяндалат да, бир топ эпикалык мүнөз өткөндөн кийин Манастын өзүнө тиешелүү курал-жарагы, кийимдери колуна тийгендиги айтылат.
Эпостогу Көкөтөйдүн ашы бардык варианттарда чоң эпикалык жүрүштүн башталышына түрткү болгон эпизоддордон болуп саналат. Ашта кыргыз жана аларга союздаш кандар Манастан запкы көрүп, кек сактап калышат да ага каршы чыкканы бардык манасчыларда бирдей айтылат. Бул вариантта дагы айрым бир аталыштар же окуялардын айтылышы сыяктуу көрүнүштөрдөн айырмаланганы болбосо, башка варианттардагыдай эле Көкөтөй канга берилген аш, анын шаан-шөкөтү жөнүндөгү окуялар сүрөттөлөт.
«Манас» эпосунун финалдык бөлүгүн түзгөн жыйынтыктоочу эпизоддордун бири «Чоң казат». Бул эпизод бардык варианттарда туруктуу түрдө учурайт. Негизги сюжеттик нук жана окуянын өөрчүтүлүшү композициялык жактан көпчүлүк манасчыларда негизинен бирдей эле мотивдер аркылуу баяндалат. Мындай жалпылыкка карабастан айрым манасчылар айтуу манерасына, үйрөнүү салтына жараша кээ бир деталдуу көрүнүштөрдү жана окуяларды талкуулоодо башка манасчылардан өзгөчөлөнүп тургандыгы байкалат. Анткени, манасчы эпосту айтып жатканда жалпы сюжеттик нукту сактаганы менен айрым бир көрүнүштөргө же окуялардын түшүндүрүлүшүнө, пейзаждын сүрөттөлүшүнө келгенде эргүү сезимине жараша башка манасчыларды кайталабастан, өз өнөрканасына мүнөздүү чыгармачылык күчкө басым жасайт.
Негизинен үчилтиктин экинчи жана үчүнчү бөлүгү айтылган вариантта өзүнүн салттык өзөк окуяларын сактаган. Ошондой эле бул вариантта ысык-көлдүк манасчылардын мектебинде айтылган салттык эпизоддор бар экендигин да эстен чыгарбоо керек. «Семетей» бөлүмү өз ичине Каныкейдин Чыйырды менен Семетейди алып Букарды көздөй качканы, Каныкейдин Тайторуну чапканы, Семетейдин Сарытаздан өзүнүн жери менен эли жөнүндө укканы, Семетейдин Букардан аттанып чыкканы, Таласка келип Абыке, Көбөштөн алты мүлктү алганы, кайра Букарга келгени, Букардан Таласка көчкөнү, Абыке, Көбөштүн каршылашып кырк жигитти ээрчитип качышы жана курман болгону, Семетейдин Толтой менен болгон кармашы, Айчүрөккө үйлөнгөнү, Коңурбайдан өч алганы, Семетейдин өлүмү сыяктуу бардык варианттарда туруктуу учуроочу өзөк окуяларды камтыйт. Жогоруда аталган туруктуу эпизоддор сакталганы менен манасчы тарабынан айрым окуялар, мотивдер, образдардын талкууланышы башка варианттардан өзгөчөлөнүп баяндалуу менен өзүнчөлүк мааниге ээ. Саякбай Каралаевдин варианты менен Жакшылык Сарыковдун вариантында Бакай төө кайтарып калса, Шапак Рысмендеевдин вариантында элин бөлүп өз алдынча жашайт. Ал эми Мамбет Чокморовдун вариантында Бакай Жакып менен анын балдары Абыке, Көбөшкө моюн бербестен, алар менен кандуу кармашка чыгып, Каныкейди качырганга жардам берет. Каныкей качканда түз эле Букарга атасыныкына барам деп чыгат. Анын башка элге баруу жөнүндөгү ою атасына таарыныч кылып Каракандын жолдон кезиккен жигитине айткан сөзү башка варианттардын айрымдарында учураганы менен өзгөчөлөнтүп Бакай менен болгон кеңеште мотивдештирилген. Ал эми бул вариантта жолдо чарчап-чаалыгып калган мезгилде Каныкей тарабынан таарыныч иретинде гана айтылган сөз катары белгилөөгө болот. Каныкейдин Букарга келгенден кийин атасы менен кеңешип ачык эле Манаска аш берип, Семетейдин эл, жерин таап, атасындай баатыр болор бекен деп төлгө кылып ат чаба тургандыгы манасчы тарабынан ачык айтылат. Башка варианттарда болсо мындай мотивдештирилген эпизод жок.
Семетей менен Коңурбайдын кармашына чейинки мезгилди ичине алган окуяларга бир топ майда окуялар киргизилген. Бирок, манасчы тарабынан кошумчаланган майда окуялар, сюжеттин өзөк окуяларына анча таасир бербестен жана өзгөртпөстөн, тескерисинче негизги окуяларга органикалык түрдө биригип кеткен. Буларга Күлчоро менен Канчоронун жана Чынкожо менен Толтойдун окуялары, Чачыкейге байланыштуу айтылган баяндамалар манасчы тарабынан өз алдынча трактовкаланып, окуяларга жаңы мазмун, мотив бергени менен эпостун негизги сюжеттик нугунан чыкпастан толуктап турат. Ошондой эле Айчүрөктүн баатырларды сынашы башка манасчылардагы мотив менен үндөшсө дагы Сагымбай Орозбаковдун вариантында айтылгандай эпикалык арымына жеткире сүрөттөлгөн эмес. Канчоронун ичине кек сактап калуусу башка варианттарда Семетейдин Толтойдун атын соогатка сураганда чылбырды Күлчоро тарапка үйрө ыргытып коюусунан чыгат. Ал эми бул вариантта ушул эле мотив сакталат да Семетей тарабынан Канчоро мындан сырткары дагы эки жолу кагуу жейт.
Башка варианттардагыдай эле Семетей Канчоронун азгыруусу менен күмбөзгө келип жарадар болот. Күлчоро Семетейди үңкүргө алып барып жашырат да Кумайык менен Акшумкарга табыштап, өзү Канчоро, Кыястын колу менен кармашып жарадар болуп колго түшөт.
Семетейдин ордосу таланып, Айчүрөккө Кыяс нике кыйдырып, барымтага жана аларга кошуп Күлчорону алып кетүүсү менен «Семетей» эпосу аяктайт.
Үчилтиктин «Сейтек» бөлүмү деле жалпы салттык өзөк окуяларды ичине камтыган. Башка манасчыларда кездешүүчү Айчүрөктүн колго түшүп, Кыяска кетиши, Сейтектин төрөлүшү жана бойго жетип, Күлчорого жолугушу, өз эл, жери жөнүндө угушу, душмандан өч алуу, ата мекенине кайрылып келүү сыяктуу урунттуу эпизоддорду учуратабыз.
Жогоруда аталган урунттуу эпизоддор бардык манасчыларда салттык түрдө айтылса да ар бир манасчыда окуялардын мотивдештирилиши ар башка аспектиде ачылган. Бирок, мунусуна карабастан сюжеттин конструкциясы бузулбай, мазмунга өзгөртүү киргизилбестен калыбында калган. Манасчылардын таалим алуу мектебине жараша ар башка трактовкалоо, мотивдештирүү, окуяларды өөрчүтүү жолдору ар кыл экендигин көрүүгө болот. М-тин айтуусунда «Сейтек» эпосунун мазмунунда негизинен элдик турмуш кенен сүрөттөөгө алынган. Кандуу кагылыш, баатырлардын кармашы, курч ситуациялык окуялар дээрлик жокко эсе. Бул эпосто деле башка манасчыларда баяндалгандай Күлчоронун көргөн кордугу, кыйналуусу кеңири планда баяндалып сүрөттөлөт. Сейтектин төрөлүшү, ага карата Кыястын жүргүзгөн терс ойлору, Айчүрөктүн аракеттери, жана башкалар жөнүндөгү белгилүү окуялар камтылган. Мамбет Чокморовдун вариантында «Семетей» менен «Сейтек» эпостору толугу менен жазылып алынган.
К. Кырбашев