1. заяц; ор коён одна из пород зайца; сур коён 1) заяц-русак; 2) Суркоён Суркоён (кличка коня богатыря Толтоя); коёнду жети жылда бир жер жутат поверье зайцев в семь лет один раз земля поглощает (т.е. один раз в семь лет на зайцев бывает мор); коён териси бир күнү чарыкка чыдаптыр погов. (даже) заячья кожа день на поршнях (см.чарык II) выдержала (неужели ты не выдержишь? не можешь потерпеть?); 2. (точнее бакма коён) кролик; 3. год зайца (см.жыл I 2); коёндон окшош как две капли воды; экөөнү, коёндон окшош кылып, кийиндириптир двоих одел он в совершенно одинаковые одежды; коёндой кылып окшотуп сделав совершенно похожим; уподобив двойнику; коёндун жатагынан өйдө билет или коёндун жатагына чейин билет он сквозь землю видит (букв. он знает всё, включая логово зайца); колго түшкөн коёндой как загнанный зверь; коён изи жол узенькая тропинка; едва заметная тропинка; коён тебиш название игры (букв. заячье лягание); коён-колтук неправ. вместо коюн-колтук (см.колтук).
зат.1. Кемирүүчүлөр тобуна кирүүчү, кулагы менен арткы буттары узун, анча чоң эмес, бакма жана жапайы жаныбар. Коён өстүрүүчү фермалар. 2. Айбандардын аттары менен берилген он эки жылдын төртүнчү жылынын аты. Коён жылы төрөлүшкөн (Аалы).
♦ Коёндунжатагыначейинбилүү — жердин шартын, ой-чуңкурун ж. б. билүү. Коёндун жатагына чейин бүт билет. [Аскар]... коёндун жатагына чейин жазбай байкашка ашыгат (Сыдыкбеков). Коёндонокшош — абдан окшош, опокшош, союп каптагандай, бири-биринен ажыратылгыс, айрылгыс. Коёндон окшош козусу, Коюңар тууган эгизден (Маликов). Коёнжүрөк — коркок, кайратсыз. Сен тим эле коркупсуң, коён жүрөк турбайсыңбы (Аалы).
1. Кемирүүчүлөр тобуна кирүүчү, кулагы менен арткы буттары узун, анча чоң эмес, бакма жана жапайы жаныбар. Ашым алдыга өттү. – А сиздин машкеңиз коёнго жетеби? (Сыдыкбеков). Коёну токой черинде, Кыргоолу аянт жеринде (Тоголок Молдо). 2. Айбандардын аттары менен берилген он эки жылдык жыл эсебинин төртүнчү жылынын аты. Коён жылы төрөлгөндөр (Токомбаев).
Коён өзүнүн коркоктугу жана көзүнүн кыйшыктыгы менен таанымал. Анын атында ушундай сапаттары да чагылган дешке болот. Ал мындайча далилденет. Кыргызча корк сөзү тува тилинде корт түрүндө келет. Мына ушул сөздүн р тыбышы түшүп калып, аяккы тыбышы й тыбышына өтүшүнөн же р тыбышы түшпөстөн, аяккы т же к тыбышы түшүп, р тыбышы й тыбышына өтүшүнөн кой этиши корк этишинин маанисин берип калган. Мына ушундай этиш куй түрүндө байыркы түрк эстеликтеринде чагылдырылган (ДТС, 462). Ага этиштен зат атооч жасоочу -ан мүчөсү жалганып, коён сөзү келип чыккан (СИГТЯ, 366).
Опокшош, бирин экинчисинен айрып алгыс, союп каптагандай. Коёндон окшош козусу, Коюңар тууган эгизден (Маликов). В.: Коёндой окшош. Коёндой окшош кыздар ээрчишип келе жаткан жеринен чоң эненин көзүнө чалдыкты («Ленинчил жаш»).
Тынчы жок, бир жерге тынч алып тура албаган, ары - бери ойдологон (көбүнчө балдарга карата айтылат). Коёндун аягын жегендей жүрөт да, кечинде суй жыгылат.
Тынчы жок, бир жерге тынч алып тура албаган, ары-бери ойдологон (көбүнчө балдарга карата айтылат). Коёндун аягын жегендей жүрөт да, кечинде суй жыгылат.
Бүт бардыгын, ийне-жибине чейин, ой-чуңкурунан бери, эч нерсесин калтырбай. Аскар коёндун жатагына чейин жазбай байкашка ашыгат (Сыдыкбеков). В.: Коён жатагына чейин. Бул жерде коён жатагына чейин жазбай билгендигин ошондо түшүндүк («Кыргызстан маданияты»). Черикке Суусамыр коён жатагына чейин белгилүү (Байтемиров). Коён жатагынан бери. Алай тараптагы жерлерди коён жатагынан бери түшүрүлгөн карта боюнча үчкө бөлүштү (Осмоналиев).
Өтө эле коркок, жүрөгү жок, өтүмү жок. Мен бир көлөкөсүнөн корккон коён жүрөк байкушмунбу? (Абдукаимов). - Кокуй, ой, коён журөк десе, коркпо! (Жусупов).
Өтө эле коркок, жүрөгү жок, өтүмү жок. Мен бир көлөкөсүнөн корккон коён жүрөк байкушмунбу? (Абдукаимов). – Ко-куй, ой, коён жүрөк десе, коркпо! (Жусупов). Көлөкөңөн корккон коён жүрөк экенсиң (Токомбаев). В.: Суу жүрөк. Айтпадымбы! -деди Омор оңдоно калып, суу жүрөксүң өзүң (Сыдыкбеков).
1. вид нервного расстройства; коёнчук болуп калыптыр он заболел нервным расстройством; 2. перен. нервность; буйное настроение; коёнчугу кармап калыптыр он буйствует.