КОЁН
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКоён өзүнүн коркоктугу жана көзүнүн кыйшыктыгы менен таанымал. Анын атында ушундай сапаттары да чагылган дешке болот. Ал мындайча далилденет. Кыргызча корк сөзү тува тилинде корт түрүндө келет. Мына ушул сөздүн р тыбышы түшүп калып, аяккы тыбышы й тыбышына өтүшүнөн же р тыбышы түшпөстөн, аяккы т же к тыбышы түшүп, р тыбышы й тыбышына өтүшүнөн кой этиши корк этишинин маанисин берип калган. Мына ушундай этиш куй түрүндө байыркы түрк эстеликтеринде чагылдырылган (ДТС, 462). Ага этиштен зат атооч жасоочу -ан мүчөсү жалганып, коён сөзү келип чыккан (СИГТЯ, 366).