Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(өнөркана, устакана). 1). Көркөм кол өнөрчүлүктө усталардын узана турган жайы. Анда асма көөрүгү, алаа көөрүүгү, күжүсү, көмүркөйү, көмүрү, түрдүү аспап-куралдары болот.
      МТСте, РТСте, колхоз-совхоздордо айыл чарбасынын ар кандай өнөктүктөрүнө карата шаймандарды оңдоочу, анын айрым бөлүктөрүн колдон кайра кармоочу жайды да «дүкөн» деп атайт. Анда така, мык да жасап, ат такалайт. Ал — кара усталар узануучу жай. Мында асма көөрүгү, таш көмүрү, ар кандай аспап-куралдары, темир-тезектери, атайын көөрүкчүсү болот.
      2). жыгач буюмдарын кыруучу кол механизм;
      3). өрмөк согуучу (өрмөктү), килем токуучу (станокту) жайды айрым аймактарда дүкөн дейт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тамак-аш, кийим-кечек жана ар түрдүү буюмдар, товарлар сатылуучу жай, имарат. Дүкөндөрдө чай батпай калыптыр (Сыдыкбеков). Биз Токмокко эрте кирдик, дүкөндөр соода менен кызып жаткан кези экен (Токомбаев). 2. Устакана, уста узануучу жай. Уста Ражаб, жолдоштору бети-колун аарчынып дүкөндү жабышты (Абдукаримов). 3. өт. Адамдар ортосундагы аңгеме, маек. Айрым болгон окуяларды сүрөттөп айтышып, уламдан улам сөз дүкөнүн кызытышты (Жантөшев). Курду дүкөн бир жолго («Манас» С. О.).