Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тамак-аш, кийим-кечек жана ар түрдүү буюмдар, товарлар сатылуучу жай, имарат. Дүкөндөрдө чай батпай калыптыр (Сыдыкбеков). Биз Токмокко эрте кирдик, дүкөндөр соода менен кызып жаткан кези экен (Токомбаев). 2. Устакана, уста узануучу жай. Уста Ражаб, жолдоштору бети-колун аарчынып дүкөндү жабышты (Абдукаримов). 3. өт. Адамдар ортосундагы аңгеме, маек. Айрым болгон окуяларды сүрөттөп айтышып, уламдан улам сөз дүкөнүн кызытышты (Жантөшев). Курду дүкөн бир жолго («Манас» С. О.).