Киргизско-русский словарь Юдахина
1. в разн. знач. площадь;
айдоо аянты посевная площадь;
аянт бети мат. площадь поверхности;
2. прогалина (среди леса, среди зарослей кустарника);
коёну токой черинде, кыргоолу аянт жеринде фольк. зайцы там в зарослях кустарника, фазаны - на прогалинах;
Кызыл аянт Красная площадь (в Москве).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Белгилүү бир жердин, мейкиндиктин үстүнкү бети, белгилүү бир өлчөмдөгү жер. Айдоо аянты. Беш гектар аянттагы буудай.
2. Үстүнө курулуш курулбаган, атайын максаттарга пайдаланылуучу мейкиндик, орун. Борбордук аянт. Кызыл аянт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү чектин ичиндеги жер бети. Айдоо аянты. Пахта аянты. 2. Шаардын же кыштактын чегиндеги ээн, бак-дарагы, курулушу жок жер. Кыштактын ортосундагы аянтка эл көп чогулган («Кыргыз руху»). 3. Чоң шаарларда майрамдарды, башка шаан-шөкөттүү жүрүштөрдү өткөрүү үчүн атайын асфальт же таш төшөлүп жасалган бош жер. Жүрдүк анын тротуарын, аянттарын аралап (Эралиев). Бишкектин борбордук аянты «Ала-Тоо аянты» деп аталат.