Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү чектин ичиндеги жер бети. Айдоо аянты. Пахта аянты. 2. Шаардын же кыштактын чегиндеги ээн, бак-дарагы, курулушу жок жер. Кыштактын ортосундагы аянтка эл көп чогулган («Кыргыз руху»). 3. Чоң шаарларда майрамдарды, башка шаан-шөкөттүү жүрүштөрдү өткөрүү үчүн атайын асфальт же таш төшөлүп жасалган бош жер. Жүрдүк анын тротуарын, аянттарын аралап (Эралиев). Бишкектин борбордук аянты «Ала-Тоо аянты» деп аталат.