зат. 1. Илимий, көркөм, саясий ж.б. чыгармалардын жалпы жыйындысы; ар кандай китептер, журналдар ж. б. [Марфа].. жумушчулар үчүн бир топ жаңы адабияттар, газеталар ороп таңды (Сасыкбаев). [Сагынбек].. технологиялык адабияттарды арбын окуду (Сасыкбаев). Биологиялык адабият. Технологиялык адабият.
2. Турмуштук кубулуштарды, окуяларды, көркөм чыгармаларды, образдарды сөз аркылуу сүрөттөп көрсөтүүчү искусствонун бир түрү; проза же поэзия түрүндөгү көркөм чыгармалар. Адабият деген искусствонун бир түрү — сөз чеберчилиги, сөз искусствосу (Абдукаимов). Кыргыз адабияты. Балдар адабияты.
♦ Адабият таануу — көркөм адабияттын теориясы жана тарыхы жөнүндөгү, адабий сын жөнүндөгү илимдердин жыйындысы. Көркөм адабият — адабият менен бирдей (2-маанисинде).
адабият, адабияты, адабиятты
адабият кабинети
адабият таануу (илим салаасы)
адабият тарыхы
адабият тектери
адабият теориясы
адабият түрлөрү
1. Тигил же бул элдин, доордун, бүткүл адам баласынын илимий, көркөмдүк, философиялык ж.б. чыгармаларынын жалпы жыйындысы. Марфа жумушчулар үчүн бир топ жаңы адабияттар, газеталар ороп таңды (Сасыкбаев). 2. адаб. Искусствонун сөз өнөрү менен ишке ашуучу, дүйнөнү образдуу чагылдырууга негизделген түрү. Адабият биринчи иретте талантты талап кылат, адабиятта колдоо менен, эптөө менен, уурулук менен ат салышууга болбойт (Шүкүрбеков). Балдар адабияты. Көркөм адабият. 3. Илимдин айрым бир тармагы же атайын бир маселеси боюнча басылып чыккан чыгармалардын жалпы жыйындысы. Философиялык адабият. Техникалык адабият.
Көркөм адабияттын тарыхы менен теориясын жана адабий сынды бириктирүүчү илимдердин жалпы жыйындысы.
адаб. Адабий чыгармаларды системага салуу жана топ-топко ажыратуу принциби. Көркөм адабият эпос, лирика, драма деген тектерге бөлүнөт.
адаб. Көркөм адабият жөнүндөгү илимдин составдык бир бөлүгү.
адаб. Адабий чыгармаларды системага салуунун жана аларды жикке ажыратуунун дагы бир принциби. Бул чыгарманын сырткы белгисине карай аныкталат.
адабият дегенге таандык. Мына, адабияттык парад, Көргүлөчү өзүңөр карап (Алыбаев).
зат. Адабият таануу жагынан специалист, адабият кызматкери.
1. Адабият менен иришкен адам; жазуучу. Адабиятчы жана сынчы катарында Чыңгыз Айтматов жазуучулардын ичинен өзгөчө бөлүнүп турат. 2. Көркөм адабият же адабият таануу боюнча адис. к. Асаналиев, к. Артыкбаев, М. Борбугулов, А. Садыков, к. Бобулов, С.Жигитовдорду атасак болот.
интересующийся литературой; любитель литературы.
занятие или увлечение литературой.