Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тигил же бул элдин, доордун, бүткүл адам баласынын илимий, көркөмдүк, философиялык ж.б. чыгармаларынын жалпы жыйындысы. Марфа жумушчулар үчүн бир топ жаңы адабияттар, газеталар ороп таңды (Сасыкбаев). 2. адаб. Искусствонун сөз өнөрү менен ишке ашуучу, дүйнөнү образдуу чагылдырууга негизделген түрү. Адабият биринчи иретте талантты талап кылат, адабиятта колдоо менен, эптөө менен, уурулук менен ат салышууга болбойт (Шүкүрбеков). Балдар адабияты. Көркөм адабият. 3. Илимдин айрым бир тармагы же атайын бир маселеси боюнча басылып чыккан чыгармалардын жалпы жыйындысы. Философиялык адабият. Техникалык адабият.