Толковый словарь кыргызского языка (1969)
жык этишинин туюк мамилеси.
¨ Бутка жыгылуу — чөгөлөп, тизелеп кечирим суроо, күнөөсүн мойнуна алуу, бир нерсе сурап өтүнүч кылуу. Ал дагы жалдыратып көнбөй койду, Бутуна жыгылса да нечен жолу (Үмөталиев). Доого жыгылуу — айып тартуу, айып тартып, бирөөгө төлөмөр болуу. Жалган жалаа менен доого жыгылып, жалгыз музоолуу уюн.. айыпка берди (Жантөшев). Уурулукка жыгылуу — уурулук кылгандыгы мойнуна түшүү. Уурулукка жыгылат Тири адамдын жаманы (Токтогул). Сөзгө жыгылуу — туура, фактылуу, жүйөлүү сөзгө каршы жооп таба албай калуу; сөзгө жеңилүү.