УЛАН
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБайыркы түркчө огул сөзүнө -ан мүчөсү жалгануудан оглан жаралган. Ал сөз менен огул (азыркыча уул) сөздөрүнүн мааниси бирдей болгон. Азыркы кыргыз тилинде уул жана улан сөздөрүнүн сырткы формасы да, мааниси да ар башка. Уул «эркек баланы» билдирсе, улан «бой тарткан уул, жигит» деген маани берет.