ТҮРТ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кол менен же башка жол менен күч жумшап ордунан козгоо, жылдыруу, арылатуу, итерүү, нукуу. Эшиктен кирип келген солдат Михаилди желкеге түртө айдап чыгып кетти (Жантөшев). Кимдир бирөө аны түртүп өттү (Сыдыкбеков). 2. өт. Иштин жылышына жардамчы болуу, себеп, түрткү болуу. Мына ушул абал Токтогулду үйлөнүүгө түрттү (Бөкөнбаев).