Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кыймыл-аракетти, алга жылууну үзүү, жүрбөй калуу, ордунан козголбоо, жылбоо, ишти жүргүзбөй, улантпай коюу. Кай бир танк буту үзүлүп турду токтоп (Үмөталиев). Эмгек токтой калганга теребелде жымжырт (Сыдыкбеков). Сөздөр токтоп жымжырттык кайра өкүм сүрдү (Жантөшев).
2. Бир жерге убактынча байыр алып туруу, түнөө, конуу. Дон тукумдуу субайлары бир башка, Байыр кылып жашыл бетке токтогон (Осмонкул). [Асанбай] бул колхозго келгенде, көбүнчө Андрейдикине токточу (Байтемиров).
3. Бир жерге токтолуу, чогулуп туруп калуу, орунтуктап калуу. Кум токтогон дайрадай, Көйкөлөсүң өзгөчөм (Барпы). Аска, зоодо ак кар мөңгү токтогон, Арасында эчки-теке топтогон (Калык).
4. Өлүп калбоо. Баласы токтобойт.
5. Боозуу (малга карата).